// //

BTBMarket’тен 2 мүнөт ичинде кантип насыяга товар алса болот?

2019.10.30, 12:30
1266

Салам достор! Бүгүн биз силерге BTBMarket онлайн дүкөнүнөн насыяга товар алганды көрсөтүп беребиз. Баары оңой, болгону 2 мүнөт керек. Кеттик анда!

1 - кадам

BTBMarket сайтына кириңиз. Керектүү товарды тандаңыз, төлөө ыкмасын белгилеңиз: накталай же насыяга. Буйрутманы каттоо үчүн корзинага өтүңүз.

2 - кадам

Буйрутманы каттоо үчүн телефон номериңизди, электрондук почтаңызды жана дарегиңизди жазып, товарды өзүңүз алып кетсизби же жеткирип беришсинби  белгилейсиз.

3 - кадам

Андан кийин, авторизация процесси жүрөт, сиз өзүңүздүн ИННди киргизүүңүз керек. Бул деген "Бай Түшүм" Банкынын кардарысызбы же жокпу аныктоого жардам берет. Банктын кардары болсоңуз, телефонуңузга SMS код келет. 

4 - кадам

Баары тастыкталгандан кийин өзүңүз жөнүндө бир аз айтып беришиңиз керек. Кайда иштейсиз, эмгек стажыңыз, катталган жериңиз ж.б. Бул маалыматтардын баары Улуттук Банк белгилеген стандарттарга жана ченемдик укуктук актыларга ылайык талап кылынат. 

5 - кадам

Эң акырында насыяны төлөй аласызбы же жокпу текшерилет. Баары жакшы болсо, кредитке макулдук берилет.

BTB Market - 2 мүнөт ичинде товар сатып алууга мүмкүндүк берген уникалдуу продукт!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт