// //

Бул 3 суроого жооп берсеңиз, кандай адам экениңиз билинет

2018.10.17, 10:12
100698

Аң сезимиңиз сиз жөнүндө баарын билет!

Тибеттиктердин 3 суроо тести – кыска жана так тест. Эң негизгиси, ойлонбостон дароо жооп берүү керек. 

3 суроонун жоопторун жазуу үчүн кагаз алыңыз, алдын ала жообун караганга аракет кылбаңыз, болбосо тест өтүүнүн кызыгы жок болуп калат.

Жыйынтыгында өзүңүз жана жашооңуз тууралуу өтө маанилүү нерселерди биле аласыз.

Суроолор:

  1. Элестетип көрүңүз, алдыңызда бул 5 жаныбар бар дейли. Өзүңүзгө жаккыдай тартипте жайгаштырыңыз:

Уй, жолборс, кой, жылкы, чочко.

Мисалы: 

1. Жолборс

2. Кой

3. Чочко жана башка.

  1. Тизмедеги сөздөрдү эмне менен байланыштырасыз, жазыңыз:

Ит — …

Мышык — …

Келемиш — …

Кофе — …

Деңиз — …

Мисалы:

Ит-ишенимдүү.

  1. Сиз үчүн маанилүү болгон 5 адамды ойлонуңуз. Ал адамдардын ар бирине түстөрдү тандаңыз.

Бир түскө бир гана адам тандалат!

Сары — …

Саргылт— …

Кызыл— …

Ак — …

Жашыл — …

Болгону ушул!

Эми жыйынтыгын көрөлү:

  1. Биринчи суроого болгон жооп жашооңуздагы приоритеттерди (маанилүү нерселерди) аныктайт:

Уй - карьераны билдирет.

Жолборс - өзүн-өзү сыйлоо сезими.

Кой - бул сүйүү.

Жылкы - үй бүлөнү билдирет.

Чочко - акчаны символдоштурат.

Мисалы, тизменин башына койду койсоңуз, анда сиз үчүн биринчи сүйүү маанилүү.

  1. Экинчи жооптон, жашооңуз тууралуу биле аласыз, мындайча айтканда аң-сезимиңизде аны кандай көрөсүз.

Ит менен болгон байланыш жеке сапаттарыңызды билдирет.

Мышык менен болгон байланыш өнөктөшүңүздүн сапаттарын билдирет.

Келемишке болгон сүрөттөмө душманыңызды божомолдоп турат.

Кофе менен болгон байланыш - бул жыныстык катнашка болгон мамилеңиз.

Деңизди сүрөттөгөнүңүз жеке жашооңуз болуп саналат.

  1. Бул жерде 5 адам үчүн тандап алган түстөрдүн чечмелениши бар:

Сары – жашооңузга катуу таасир тийгизген, эч качан унута албай турган адам.

Саргылт – чыныгы досуңуз.

Кызыл – жакшы көргөн адамыңыз.

Ак –  жан дүйнөңөр төп келген адам.

Жашыл -  өмүр бою эсиңизден кетпей турган адам.

Кызыктуу бекен? Бул тести досторуңуз менен бөлүшүңүз, алар дагы өздөрү тууралуу маалымат алышсын.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
06.04.2019, 15:21

Sary mn jawyl okwow bolup kalyptyr  

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
06.04.2019, 15:21

Sary mn jawyl okwow bolup kalyptyr  

0
Пайдалуу жооп
09.09.2019, 04:01

Тура экен?

0
Пайдалуу жооп
Т
Тим
09.09.2019, 20:23

Тим эле укмуш

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
09.09.2019, 22:43

Абдан жакты

0
Пайдалуу жооп
Ж
Жанар
17.09.2019, 16:05

Тест кызыктуу экен,рахмат

0
Пайдалуу жооп
К
Курбанбу.
20.09.2019, 16:12

Кызыктуу  чындыкка дал келчуу оюн десем болот.  Сары тус м.н саргылт туско адам таба алган жокмун. Жолбун карап оз жашоомо салыштыра келгенде, жакын досум жана кек сактап жек коргон адамым жок экендигин  толлук тушуно билдим. Досторум коп, бирок арасынан ,сырдашып, сагынышып, бат баттан ал акыбал сурап, бири бирибизге ишенип суйлошчуу досум жок. Жек коруп, кек сактаган адамдарым да бар бирок алар душмандарым эмес,  убактынчалуу бири бирибизди тушунбогондуктон деп ойлойм.

0
Пайдалуу жооп
К
Курбанбу.
20.09.2019, 16:13

Дагы ушундай тесттерди кобуроок кылыныздарчы.

0
Пайдалуу жооп
С
Самара Батырова
08.10.2019, 21:10

Кудум эле менин жашоомдогу тести тузгондой болду.Баары мен ойлогондой чыкты жоопторум.Рахмат.

0
Пайдалуу жооп
С
Самара Батырова
08.10.2019, 21:10

Кудум эле менин жашоомдогу тести тузгондой болду.Баары мен ойлогондой чыкты жоопторум.Рахмат.

0
Пайдалуу жооп
С
Самара Батырова
08.10.2019, 21:10

Кудум эле менин жашоомдогу тести тузгондой болду.Баары мен ойлогондой чыкты жоопторум.Рахмат.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
25.10.2019, 16:57

кызыктуу жана туура экен. дагы копту чыгарышын суранам

0
Пайдалуу жооп
Г
Гулзирек
08.06.2020, 15:22

Абдан кызыктуу эккен

0
Пайдалуу жооп
16.10.2020, 14:06

Менин жашоомо дал келди,рахмат тестке

0
Пайдалуу жооп
17.10.2020, 22:08

Ото сонун мага жакты жана туура

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт