// //

Күйөөм баланы алып калам деп коркутат. Ошентип айтууга укугу барбы?

2019.10.23, 10:10
1275

Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Ортобузда бир балабыз бар. Күйөөмдүн фамилиясына жазылган. Бирок ЗАГСка турган эмеспиз.

Күйөөм кетип калсаң баланы бербейм деп коркутат. ЗАГС жок болгондуктан алимент да кестире албайсың, деп айтты. Ошентип айтууга укугу барбы?

1,5 жыл ичинде машина алып, үй салдык.

Сот аркылуу чечишсек, менин кандай укуктарым бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.10.2019, 10:11

Ширин Алмазова

“Линия защиты” коомунун адиси, адвокат

Саламатчылык!

Жок, антип айтууга укугу жок. Күйөөңүз экөөңөрдүн балага болгон укуктарыңар жана милдеттериңер бирдей. Башкача айтканда, соттун чечими жок туруп, өз алдынча баланы тартып алууга акысы жок.

Ажырашсаңар, баланы багуу үчүн алимент өндүрүп берүү арызы менен сотко кайрылсаңыз болот. Алимент күйөөңүздүн бир айлык кирешесинин ¼ бөлүгү өлчөмүндө берилүүгө тийиш. Мисалы, айына 10 000 сом тапса, анын 2500 сому алимент катары төлөнөт.

Тилекке каршы андан башка эч кандай мүлккө талапкер боло албайсыз. Силердин никеңер расмий түрдө катталган эмес. Ошондуктан бирге жашап жаткан учурда сатып алынган мүлк бөлүштүрүлбөйт. Бирок алгач мүлк кимге катталганын тактап алуу керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт