Трассага чыгып кеткен уйду сүзгөн машина жоопко тартылабы?
Саламатсызбы! Трассага чыгып кеткен уйду сүзүп алган машина күнөөлүүбү же уйдун ээсиби? Уйду айдап бараткан адам бар болчу, бирок уй жолго чыгып кеткен. Эгер соттошсо унаанын ээсиники туура болуп чыгабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Иштин толук жагдайын билбей туруп, туура жооп берүү кыйын. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин 24.5-бөлүкчөсүндө, “Малды жол аркылуу, эреже боюнча, күндүз айдоо керек. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш” деп көрсөтүлгөн.
Ал эми жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат.
Сиздин сурооңузга байланыштуу материал менен бул жерден таанышып чыксаңыз болот.
Ийгилик!