// //

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

2019.10.19, 13:00
10159

- Ай, Наку, мэ, могу жиликти беките турчу.

- Келиңиз, мына бул жерге коюп коеюн.

- Ии, ошентчи.

Кайдан макул боло калдым. Мындай ызы-чуу болоорун билсем, ошо жилигине колумду тийгизбейт болчумун.

Эжемдин кыз узатуусу эле. Тойду үйдөн өткөрүүнү чечкенбиз. Туугандардын баары келди. Бир жылкы, үч кой союлду. Чоң кылып дасторкон жайдык.

Кудалар келе электе эле столдогу таттуулар азайып, айрым жеңелердин сумкалары барсайып баштаган.

Кечки саат бештерде кудалар машинасын пипилдетип кирип келишти. Жеңелер ырым-жырымын жасап күйөө баланы тосуп алышты. Жездемди мурун сүрөттөн көргөм. Боюу узун экен деп ойлогом, кичинекей эле кара-тору жигит экен. Эжеме жакса болду да.

Ичишти, жешти, бийлешти, калыңын берип, сөйкөсүн салышты. Үч жолу тамак тарттык. Ошентип, түнкү саат экилерде жөнөп кетишти.

“Кой, биз да туралы”,-деп туугандар кетүүгө камынышты. Операция пакет башталганда, жиликтерин таппай калышты. Мына, ызы-чуу башталды.

- Ай, кудаларды чыгарып келгиче, кимиңер жилигимди согуп кеттиңер.

- Сеникин ким алмак эле, жакшылап кара да.

- Карадым! Жок! Апээй, ботом. Кайда кетти?

Бул учурда тайкем жаныма келип.

- Наку, жанагы жилигимди алып чыгып берчи?

- Азыр.

- ...

- Ой, жокко.

- Эмне дейт? Кана?

- ...

- Мен сага бербедим беле!

- Ушул жерге коюп жатканымды өзүңүз деле көрбөдүңүзбү.

- Жакшылап карап турбайт белең.

- Сиздин жилигиңизди кайтарып отура бермек белем.

- Эми эмне болот?

Инимди куушуруп басып кеттим. Мен бекитип алсам же жеп койсом бир жөн. Кызык адам экен. Мени күнөөлөйт.

Тайкем жөн калбай апамдарга арызданып, башка жиликти берсе ыраазы болбой, бакырып баштады. Тигил жакта жеңелер кырылышып жүрүшөт. Бири-биринин баштыгын ачып, “бул меники болчу”,- деп көргөн жилигин кармалап тытышып жатышты.

Жоголгон жиликтерди таппай койдук. Ушул убакка чейин жыргап отурган туугандардын баары, жиликтерин биз бекитип алгансып, коштошконго жарабай чыгып кетишти. Атам менен апам улам кечирим сурап, жаман болушту. Ачуум келди. Пакеттери толтура. Жиликти салса жарылып кетчүдөй. Ага да ыраазы эмес.

Тойдон кийин бир ай өттү. Чоң үйдү шыпырып жүргөм. Дивандын алдын тазалап коеюн деп жылдырсам, сасык жыт бур дей түштү. Чычкан өлүп калганбы деп, мурдумду жаап, ийилип карасам, пакетте кара бир нерсе жатат.

Шыпыргы менен түртүм чыгардым. Ой, тайкемдин жилиги го!  

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Айдарбек Кайкиев
19.10.2019, 22:05

ха ха ха

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт