Иним аялына үч талак айтыптыр. Кайра никесин жаңыртса болобу?
Саламатсызбы! Иним аялына 3 талак айтып ажырашкан. Ортодо баласы бар. Эми жарашалы десе, молдолор болбой турганын айтышыптыр. Эмне кылса болот?
Равшан ажы Эратов
КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы
Жубайлар уруша кеткенде эле, эркек киши ачуунун үстүндө дароо үч талакты сүйлөп салат. Ажырашууну кааласа, бир талак жетиштүү болот. Үч талакты берип салгандан кийин, бул акыркы талак болуп, мындан ары никени жаңыртууга таптакыр жол калбай калат. Муну биз катуу эске алышыбыз керек.
Ачуунун үстүндө бул нерселерди айтып алгандан кийин, ортодо балдар, мүлк, ата-энелер бар дегендей, алардын айтуусу менен кайра жашоого туура келет. Мындай учурда үч талак айтылып калгандан кийин шариятыбыз никени жаңыртууга жол калтырган эмес. Ошондуктан, талак берүүнүн туура жолун билип алышыбыз керек.
Талак берүүнүн туура жолу, "мен сага талак бердим" десе, ушул сөз ажырашууга жетиштүү жана жубайлар эки башка болуп кетсе болот. Мындан кийин аялы үч талакты бергин деп талап кылбашы керек, эркек бул талакты бергенден кийин үстүнө кайталап талак бербеши керек. Бул учурда эмне болот? Кандайдыр бир мезгил өтүп экөө кайра жашай турган болсо, аларда жарашуу мүмкүнчүлүгү калат. Эгер үч талакты чогуу эле бир сөз менен кайталап берип салса, никени жаңыртууга таптакыр мүмкүнчүлүк калбай калат.
Талактын чеги 3 гана. Тактап айтканда, эркек бир аялга үйлөнгөн мезгилде, ага өмүр боюуга үч жолу талак айтууга укук берилет. Андыктан, бул укукту туура пайдалана билиш керек.