// //

Түнкү клубда официант болуп иштесе күнөөбү?

2019.10.18, 09:46
1297

Саламатсызбы! Мен студент кызмын. Сабактан кийин түнкү клубда официант болуп иштейм. Өзүм намаз окуйм. Арак, пиво ташып иштегеним чоң күнөөбү? Эмне кылсам болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.10.2019, 09:52

Кадыр Маликов

Теолог

Албетте, түнкү клубда официант болуп иштеп, кардарларга спирт ичимдиктерин ташыган күнөө болуп эсептелет. Айрыкча түнкү клубда, түндөсү официант болуп иштегендер ислам тарабынан уяткарылат. Анткени, коопсуздук үчүн коркунучтар бар.

Дин тутунган адам, кыз же эркек болобу, кардарларга спирт ичимдиктерин ташууга муктаж болгон  түнкү клуб сыяктуу жерлерде иштегенден качууга аракет кылышы керек. Мындайча айтканда, сиз күнөө кылганга катышып каласыз. 

Менин сизге кеңешим, тезирээк күнөө иш жасаганга мажбурлабаган, коопсуздугуңузга кепилдик бере алган, өзүңүздүн намысыңыз жана ден соолугуңуз үчүн башка жумуш издеп табыңыз. Бул сыяктуу жумуштар эртеби же кечпи сиздин ишенимиңизге таасирин тийгизет. Сиз намазды гана таштабастан, динден алыстап кетишиңиз мүмкүн.

Динге ишенген адам  үчүн курчаган чөйрөсү, баарлашкан адамдары аябай маанилүү. Булардын баары ыйманына, көз карашына аябай таасир берет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт