// //

"Трубаларды" буудуруу операциясы тууралуу гинеколог айтып берет

2019.10.16, 15:12
8348

Medcenter.kg медицина борборунун акушер-гинекологу Нургазы Джанузаков жатын түтүкчөлөрүн буудуруу процедурасы тууралуу Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Жатын түтүкчөлөрүн буудуруу деген эмне?

Жатын түтүкчөлөрүн буудуруу – бул өз ыктыяры менен жасалуучу хирургиялык стерилизация. Мындайча айтканда, хирург операция жолу менен жатын түтүкчөлөрүн бууп коеу. Жатын түтүкчөлөрүн буудуруу учурунда кош бойлуулукка түбөлүккө бөгөт коюулат. Ал үчүн жатын түтүкчөлөрү кесилет, таңылат же бүтөлөт. Ошондуктан бул калыбына келгис процедура болуп саналат.

Кандай көрсөтмөлөр боюнча жатын түтүкчөлөрү буулат?

Аялда кош бойлуулукка каршы көрсөтмө болгон учурда жатын түтүкчөлөрү буулат. Мисалы, көп жолу кесердик кесүү жолу менен төрөгөн аялдын жатынында тырыктын жакшы бүтпөй калуу коркунучу бар болсо, медициналык көрсөтмөлөргө ылайык, жатын түтүкчөлөрү бүтөлөт. Ошондой эле, жатын ичине салынуучу контрацептивдерге, гормоналдык препараттарга, презервативге аллергиясы бар болгон айымдар, бул методду колдонушу мүмкүн.

Коргонуу каражаттарын колдонгусу келбеген көп бала төрөгөн аялдар жатын түтүкчөлөрүн буудуруп койсо болот.

Канча жаштан баштап жатын түтүкчөлөрүн буудурса болот?

Жатын түтүкчөлөрун буудуруу процедурасын бойго жеткен, өз алдынча чечим кабыл алып, документтерге кол коюу укугуна ээ болгон ар бир айым жасатса болот. Бирок, процедура кайра калыбына келгис болгондуктан, жакшысы, туугандар же жакындар менен кеңешүү.

Жатын түтүкчөлөрүн буудуруу процедурасы канча убакытка созулат жана баасы канча?

Операция бат эле бүтөт. Өз ыктыяры менен жасалуучу хирургиялык стерилизацияны лапароскопия жолу менен жасаса 15 мүнөткө созулат. Баасы 15 миң сомдун тегери болуп калат.

Дарыгер аялды кесердик кесүү менен төрөтүп жатып, жатынында дагы бир кош бойлуулукка каршы көрсөтмө бар экенин көрсө, аялдын жашоосуна коркунуч туудурган күтүүсүз кош бойлуулукту алдын алуу максатында, бейтаптан уруксат сурабай жатынын бууп коюшу мүмкүн.

Процедурадан кийин гормоналдык өзгөрүүлөр болобу?

Жатын түтүкчөлөрүн буу операциясы аялдын гормоналдык фонуна, жыныстык катнашка эч кандай таасир тийгизбейт. Менопауза, этек кир өз убагында келет. 

Жатын түтүкчөлөрүн буудургандан кийин аял өзүнө кандай кам көрүшү керек?

Жатын түтүкчөлөрүн буу процедурасы ооруканада көпкө калууну талап кылбайт. Операция жасалгандан бир нече саат өткөндөн кийин үйгө кетүүгө уруксат берилет. Атайын бир сактай турган эрежелер жок. Процедурадан кийин жумушка чыгып же спорт менен машыга берсе болот.

Жүрөгүндө көйгөйлөр же наркозго каршы көрсөтмө болсо, ж.б учурларда операция жасалбайт.

Процедурадан кийин кандай кесепеттерге туш болушу мүмкүн?

Хирургиялык стерилизация процедурасынан кийин  эч кандай “побочный эффект” болбойт. Себеби, операция кылганда түтүкчөлөрдүн эки жагы буулат, башка органдар ордунда калат. Эң негизгиси, ар бир айым бул методго кайрылаардан мурун экинчи ирет балалуу боло албасын билип, жакшылап ойлонуп, так бир чечимге келиши керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт