// //

Бир эже паспортумду күрөөгө коюп салыптыр. Эмне кылсам болот?

2019.10.14, 10:29
840

Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын. Бир эжеге реализатор болуп иштеп берем деп 150 миң сомго карызга баттым. Үйүнө бекер жашатчу. Мен жардам берем деп минтип карызга батырып отурат. Тапкан акчамды чогултуп ага бердим, он жети миң сомдой калганда паспортумду алып алды. Эки ай мурун паспортум керек болуп чалсам, күрөөгө коюп коюптур, каалаганыңды кыл деп койду. Үйүнөн кийимдеримди алып кетип калгам. Паспортумду кантип алсам болот? 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.10.2019, 10:30

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Ал аялдын паспортуңузду алып бербегени туура эмес. Сиз милицияга арыз менен кайрылсаңыз, паспортуңузду алып беришет. Ошондой эле, жакындарыңызды карыз маселеси боюнча кабардар кылып, көйгөйдү чогуу чечүүгө аракет кылгыла. Аялдын үйүнө өзүңүз жалгыз жана ал жокто барбаганыңыз туура болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт