// //

Топтук кредиттин бир мүчөсү акчасын бербей жатса эмне кылыш керек?

2019.10.11, 11:09
1227

Саламатсызбы! Мен бир топко кошулуп кредит алгам.3 киши болчук. Экөөбүз төлөп бүткөнбүз, бирөөсү эки жылдан бери төлөбөй жүрөт. Банк сотко бериптир. Бизге соттон төлөйсүңөр деген кагаз келди. Мен чет өлкөдөмүн, төлөп бүткөнүмө эки жыл болгон. Эми Кыргызстанга барсам кайра чет өлкөгө чыга албай каламбы?Экөөбүз биригип төлөбөгөн эжени сотко берсек болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.10.2019, 11:11

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Топтук кредитти - топ мүчөнүн бирөөсү төлөбөй койсо, калганы төлөйт деген ниет менен беришет. Сот силерди төлөйсүңөр деп чечим чыгарса, анда, төлөп беришиңер керек. Эгер насыяны төлөөдөн баш тартсаңар, сот аткаруучу чет жакка чыгууга чектөө киргизип коюушу мүмкүн. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт