Жөлөкпулга документ тапшырайын десем 500 сом сурап жатышат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Ош областына караштуу, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынан жазып жатам. Сүйүнчү акчанын өлчөмүн билейин дедим эле. Жөлөкпулга документ тапшырайын деп барсам, комиссияга беребиз деп 500 сом сурап жатышат. Кимге кайрылсак болот?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алуу үчүн жашаган жери боюнча Калкты каттоо мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө, башкача айтканда, Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына (ЗАГС), маалыматтык күркөөлөргө, калкты тейлөө борборлоруна документтер: паспорт менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү тапшырылат.
“Балага сүйүнчү” жөлөкпулун бала төрөлгөндөн баштап алты айга толгонго чейин алуу керек. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатканда “Балага сүйүнчүгө” документ тапшырып койсо болот. Мурдагыдай банктарга барып эсеп ачуунун зарылчылыгы жок. Документтерди тапшырып жаткан жерден дароо РСК же Айыл Банктарга эсеп ачылат.
4000 сом үч иш күндүк ичинде банктык эсепке келип түшөт жана жөлөкпул түшкөндүгү боюнча уюлдук телефонго билдирүү келет. Акчаны айтылуу банктардын каалаган филиалдарынан алса болот. Эч кандай комиссия талап кылынбайт.
500 сом сурап жатканы боюнча, райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз. Колуңузда далилдүү фактылар болсо, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылат.