// //

Ырчы болгум келет. Бир ырды канча сомго жаздыра алам?

2019.10.09, 11:18
3500

Саламатсызбы! Бир ырды жаздырсак канча сом болуп калат? Ырдаганга абдан кызыгам? Кенен маалымат бере аласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.10.2019, 11:19

Асхат Субанбеков

"Next Music" чыгармачылык студиясынын жетекчиси

Азыркы тапта Бишкек шаарында жакшы сапаттагы ырлар орто эсеп менен 500 АКШ долларына жазылат. Ага аранжировка, үн жаздыруу жана үндү жасалгалоо кызматтары кирет.

Көпчүлүк студияларда орто эсеп менен аранжировканын баасы 300 $, үн түшүрүү 200 $. Арзан жасаган деле студиялар бар, бирок, алардан жазылган ырлардын көпчүлүгү радиого өтпөй калат, деп ырчылар көбүнчө кымбатына жаздырышат. Мындайча айтканда, көп жылдан бери иштеп "бренд" жасап алган студиялар бар. А бирок кыргыз шоу бизнесиндеги тойлорго көп барган аты чыккан ырчыларга ал сумма аз болушу мүмкүн. Ал эми жаш ырчыларга, ырдагысы келген студенттер үчүн бул сумма көп.

Биздин студия ар дайым жаш ырчыларга арзан баада ыр жаздырууга жана бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бир ырды баштан-аяк бүтүрүүгө жаш ырчылар үчүн 10-15 миң сом. Ал эми рэп жаатындагы ырлар болжолу менен 7 миң сомго бүтөт. Сапаты ошол эле 500 долларга бүткөн ырлардай болот.

Айрым, чыныгы таланттууларга ырларын бекер деле жаздырып беребиз. 

Биз менен байланышууну кааласаң @nextmusic_bishkek инстаграм баракчабызга жазсаң болот.

Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт