// //

Cаякатка чыгууга шыктандыруучу 5 тасма

2019.10.07, 15:59
1224

Bilesinbi.kg саякат тууралуу мыкты 5 тасманы тизмектеп чыкты. Абайлаңыз, бул фильмдерди көрүп бүткөндөн кийин чемоданыңызды чогултуп башташыңыз толук мүмкүн. 

1. «Невероятная жизнь Уолтера Митти»

Кайсы бир учурда тагдырына баш ийбей, баарын таштап, сапарга чыгууну чечкен жөнөкөй кеңсе кызматкери жөнүндөгү кызыктуу фильм. 

 

2. «Тропы»

Робин Австралияны жалгыз кесип өтүүнү чечет. Жанына төрт төө жана бир ит алмакчы болот. «National Geographic» журналы Робиндин долбооруна кызыгып, аны жандап жүрүү үчүн фотограф кошуп берет. Алдыда аларды кызыктуу саякат күтүп турат. 

3. «Ешь. Молись. Люби»

Үй-бүлөлүү аял Элизабет Гилберт бир күнү жашоосу өзү каалагандай эмес экенин түшүнөт. Ал эмне каалап жатканын жакшылап билүү үчүн дүйнөнү кыдырууга бел байлайт. 

4. «Кон-Тики»

Ири киттер, акулалар менен салгылашуу, бороон-чапкын, ызгардуу шамал, албууттанган табият кубулуштарынын арасында жашоо үчүн күрөшүү. Бул саякат каармандардын жашоосун түбөлүккө өзгөртөт. 

5. «Самсара»

Жер шаарына таандык эместей көрүнгөн пейзаждарга, кереметтүү өлкөлөргө саякатка жетелеген эки саатка созулган кызыктуу фильм. 

Чет өлкөгө саякаттап же иш сапары менен жөнөп жатасызбы? Жакындарыңыз менен байланышта болууну каалайсызбы? Анда Beeline уюлдук операторунун "Ыңгайлуу роуминг" кызматын пайдаланыңыз. Кызмат тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт