Кытайда окуйм. Бул жактан жеген эттерим адал болуп эсептелеби?
Саламатсызбы! Кытайда магистратурада окуйм. Мен жайгашкан жер Тынч океанга чектеш. Азыктанган тамак-аштарым: тоок, уй эттери жана деңиз азыктары. Бул жегендерим адал эле болуп эсептелеби? «Бисмиллях» деп айтылбай союлган мал эти арам болуп калат деп уккан элем.
Кадыр Маликов
Теолог
Бул жерде негизги суроо деңиз азыктарында эмес, уй этинде. Себеби кытайлар мусулман болбогондуктан, малды шариятка ылайык «Бисмиллях» деп айтып союшпайт.
Ошондуктан, сиз Кытайдын ар бир шаарындагы базарларынан дунгандар саткан адал этти сатып алыңыз же дунгандардын ашканасынан тамактаныңыз.
Кээ бир кытай ашканаларга барганда, балык кууруп жатса да, ал эттке чочконун майы кошулган жокпу, жакшылап байкап туруу керек. Бул өтө маанилүү. Ал эми деңиз азыктарында маселе жок, каалаганын жей берсеңиз болот.