Чачты таз кылып алып салса коюу чач чыгабы?
1 жаш 6 айлык кызымдын чачы аябай суюк жана жумшак. Аябай көп жолу кырдым. Такыр коюлабай койду. Кандай кылсам болот? Чач үчүн атайын маскалар барбы?
Надира Бейшеева
Трихолог
Чач фолликулдары генге мүнөздүү. Кичинекей балдарда балапан (пушковый) чач болуп, өспүрүм кезде калыңдай (стержневой) баштайт.
Баланы кыйнабай, чачына жана баш терисине туура кам көрүү керек. Атайын балдар үчүн шампунь колдонуп, ромашка, чалкан (крапива) тундурмасы менен чайкап көрүңүз.
Чачын кату аарчып кургатпаңыз, жулбаган, жумшак тарак менен тараңыз, ар кандай чачка тагуучу (резинка, заколка) каражаттар менен катуу тартып байлабаңыз.
Таз кылып алып салуу, коюу, калың чачтын чыгышына жардам бербейт! Эгер ата-энесинин чачы суюк, жука болсо анда баланыкы ошондой болот. Балдардын чачын кырып салуу ыңгайсыздык гана жаратат, өсүп чыкканча кычыштырат.