// //

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

2019.10.02, 14:22
34195

Саламатсызбы! Ата-эненин ашына сөзсүз кой союп баруу керекпи? Жакында атама аш бергенбиз, бирок, мал сойгон эмеспиз. Атам кайра-кайра түшүмө кире бергенин улам молдого бардым. Молдо, "атаңар эмнеге мал сойгон жок деп айтып жатат",- дейт. Бул чынбы? Аябай кыжаалат болуп жүрөм. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.10.2019, 14:38

Кадыр Маликов

Теолог

Шариятка ылайык каза болгон адамдын жылдыгына гана эмес, өлгөн күнүнө деле мал сойбой койсо болот, сөзсүз союш керек деген муктаждык жок. Чындыгында, мал союу бул садака сыяктуу болот. Мал сойгондо эттин бир бөлүгүн таркатып, туугандарга ооз тийгизип, куран окутабыз. Каза болгон адамга эмне жетет? Каза болгон адамга малдын эти жетпейт, ага биздин кудайдан болгон коркууларыбыз жетет. Тактап айтканда, каза болгон адамга арнап куран окуп, анын атынан муктаж адамдарга садака кылсак, кудайга ошол баталарыбыз, дубалырыбыз жетет. Исламда жөн гана мал союп коюу деген нерсе жок. 

Атаңыз бат-баттан түшүңүзгө кирип жатса, балким, кудай белги берип же бир нерсе айткысы келип жатат, балким, жөн гана түшүңүзгө кирүүдө. Айтор, себептери көп. Исламга ылайык конкреттүү айта турган болсок, жылдыкка, кыркылыгына же өлгөн күндө мал союу милдеттүү шарт катары каралган эмес. Бул жөн гана шариятыбыз уруксат берген биздин салтыбыз. Адамдын каржы абалы мүмкүнчүлүк берсе жана өзү кааласа, мал союп койсо болот, анда да бул садака катары эсептелет. 

Атаңыз түшүңүзгө кирип жатса, ага куран окуп, дуба кылып, атаңыздын атынан муктаж адамдарга садака берип койсоңуз болот. 

0
Пайдалуу жооп
К
Кымбат
02.10.2019, 18:13

Биз өзүбүздүн аң сезимибизди ушул ойго сугарып бекемдеп койгонбуз! ( мал союш керек ) деген . Сиздин оюңуз эле тынч алдырбай ошол үчүн түшүңүзгө кирип жатат. Мал сойсоңуз да же башка соопчулук жасасаңыз эле атабыздын арбагына багышталып эле болду! Өз ойуңузду эле бекемдеп койсоңуз түшүңүзгө кирбей калат. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт