// //

Күбөсү жок нике кыйса болобу? Теолог жооп берет

2019.10.01, 14:28
6047

Саламатсызбы! Нике кыйуу үчүн сөзсүз күбө болушу шартты? Кыз менен жигит ыраазы болсо, күбөсүз нике кыйса болобу?

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.10.2019, 14:30

Кадыр Маликов

Теолог

Кыз менен жигит макул болгон учурда да, күбөсүз нике жараксыз болуп эсептелет. Никени күбөлөрдүн катышуусунда, эң аз дегенде, дос-туугандарынын курчоосунда, той берип кыюу керек. Күбөсүз кыйылган нике ойноштук кылууга жатат, кыз менен жигит күнөөгө батат. Ошондуктан, нике сөзсүз ачык болуп, күбөлөр катышышы керек. Дагы айтам, жашыруун нике ойноштукка барабар. Минимум төрт күбө болушу шарт: 2 эркек менен 2 аял, 1 эркек же 4 аял.

Эмне үчүн күбөсү жок нике кыюуга тыюу салынат? Өзүңөр билгендей шииттерде убактылуу нике деген нерсе бар. Бул нике күбөсүз, молдо тарабынан эле бир саатка, бир нече күнгө ж.б. белгилүү бир убакытка кыйылат. Бизде бул нерсеге тыюу салынган, себеби мындай нике ойноштукка барабар. Андыктан, никенин негизги шарты - ачык болуп, белгилүү бир сандагы күбөлөр катышып, баш кошуп жаткандардын никеси коом тарабынан күбөлөнүшү керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт