Окууну бүтүп 3 жыл ичинде жумушка орношпосо, диплом жарабай калабы?
2019.10.01, 10:18
1840
Саламатсызбы! Бакалавр менен магистратураны окуп бүткөм. Тилекке каршы, эч жерде иштеген жокмун. Эгер 3 жыл ичинде иштебесем, дипломум жарамдуулугун жоготуп коебу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.10.2019, 10:22
КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Окууну бүткөндөн кийин белгилүү бир убакытка чейин иштебесе, мисалы, 3 жыл ичинде жумушка орношпосо диплом жарамдуулугун жоготот деген жалган маалымат. Дипломдун мөөнөтү эч качан бүтпөйт. Диплом жарабай калат, күйүп кетет деген нерсе жок. Андыктан, кабатыр болбой эле коюңуз.
0
Пайдалуу жооп