Күйөөм, кайын энем 1 жаш 7 айлык баламды көрсөтпөй жатат
2019.09.30, 16:33
1075
Саламатсызбы! Ажырашканыма 7 ай болду. Балам күйөөмдө, мага көрсөтпөй баланы алып качып жүрөт. Айылда кайын энемде экен, ал дагы такыр көрсөтпөйт. Балама болгону 1 жаш 7 ай болду. Кандай чара көрөм?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.09.2019, 16:34
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы!
Айым, сиз эрте күндү кеч кылбай, кайын энеңиз жашаган аймактык милиция жана балдарды коргоо болүмүнө арыз менен кайрылыңыз.
Баланы сизге көрсөтпөй коюуга алардын эч кандай акылары жок. Эгерде редакциядан менин номеримди алсаңыз, сизге арыз жазуу жана кантип сүйлөшүү керек экендиги боюнча жекече кеңеш берүүгө даярмын.
0
Пайдалуу жооп