// //

Эжем турмушка чыкса, балдарына жөлөкпул алалбай калабы?

2019.09.30, 13:56
850

Саламатсызбы! Эжемдин күйөөсү каза болуп калган. Учурда 5 баласына жөлөкпул алат. Эгер эжем турмушка чыга турган болсо, балдарына алып жаткан жөлөкпул токтоп калабы. Болочок күйөөсү мамлекеттик жумушта иштейт экен.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.09.2019, 13:58

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери

Саламатсызбы! КРнын "Мамлекеттик жөлөкпул жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жөлөкпулдун дагы бир түрү - бул ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул. Бул жөлөкпулду пенсиялык камсыздоого укугу жок гана жарандар алышат. Башкача айтканда, КРнын Социалдык Фонду тарабынан пенсия албаган адамдар. Ушуга байланыштуу, багуучусунан ажыраган балдарга дагы, багуучусу эгер мурда мамлекетке төлөмдөрдү, салыктарды төлөбөсө, анда каза болгондо анын жашы жете элек балдарына жөлөкпул дайындалат. Жөлөкпул өлчөмү 1000-2000 сомду түзөт. Эжеңиз башка адамга турмушка чыккан учурда да, социалдык жөлөкпул токтотулбастан, мыйзам чегинде балдарга берилет.

Ал эми үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулу үй-бүлө кирешесин эске алуу менен чектелет. Эгер эжеңиз алып жаткан жөлөкпул үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулу болсо, чогуу түтүн буулатып жаткан жаңы күйөөсүнүн эмгек маянасы киреше катар эске алынат. Киреше белгиленген чектен ашып кетсе, жөлөкпул токтотулуп калышы мүмкүн.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт