ТОП 5 окуучулар үчүн YouTube канал
Мектеп программасын түшүнбөй калсаң капа болбо. Bilesinbi.kg окуучулар үчүн ТОП 5 YouTube’дагы пайдалуу кыргыз каналдарын сунуштайт.
Бул ютуб канал 2012-жылы түзүлгөн. Окуучуларга кыргыз жана орус тилдеринде мектеп программаларын түшүндүрүп, экзаменге даярдайт.
Мугалимдин айтканына түшүнбөй же сыркоолоп мектеп программасынан артта калдыңбы? Капа болбо! Бул ютуб каналдан баарын үйрөнүп алсаң болот.
"Kalem Education" англис тили, химия сабактарын үйрөтүп, ар кайсы тапшырмаларды аткарганга жардам берет.
Баса, жакында мектеп аралык сынактар башталат да. Бул каналдан химия, физика, биология сынактарына даярдансаң болот.
Аты айтып тургандай эле орус тилин тез жана оңой үйрөтөт. Бул каналдын 20 088 жазылуучусу бар. Бир видео сабакты жүз миңден ашык адам көрөт.
Мугалим Сүймөнкул Исматиллаевдин жардамы менен химия сабагын эми үйрөнүү оңой. Мектептен түшүнбөй калган теманы каналдан таба аласың.