10 жыл мурун окуумду таштап койгом. Азыр улантсам болобу?
Саламатсызбы! Кечки мектеп тууралуу маалымат берип коесузбу. Себеби 10 жыл мурун 8-класстан кийин окубай калгам. Тогуздун аттестатын алып окууга тапшырайын дедим эле. Азыр окуумду улантсам болобу?
Чынара Исакова
Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Саламатсызбы! Кечки мектепте убагында мектепти бүтпөй калган окуучулар, үй-бүлөлүү адамдар жана башкалар окуйт. Ал жерде жаш куракка чектөө коюлбайт. Андыктан 10 мурун окууңузду уланта албай калсаңыз, эч кабатыр болбой, мектепке тапшырып, аттестат алсаңыз болот.
Мурун кайсы мектепте окусаңыз, ошол жерден документтериңизди, жетишүү табелдериңизди барып алып, жашаган жериңиздин райондук билим берүү борборуна кайрылып, кечки мектепке тапшырсаңыз болот. Эскертүү! Кечки мектепте окуу акысыз.
0312 61 23 40 номерине байланышсаңыз, кечки мектептер жөнүндө толук маалымат берем.