// //

Чет тили курсун ачуу үчүн кантип лицензия алса болот?

2019.09.23, 11:09
1852

Чет тили курсун ачуу үчүн лицензияны кантип жана кайдан алуу керек? Кандай процедуралардан өтөт?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.09.2019, 11:11

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы

Саламатсызбы! 

Билим берүү ишине лицензия алуу үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:

1) "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун (2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому) 1-тиркемесине ылайык форма боюнча лицензия алууга арыз;

2) көчүрмөлөр:

- юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү;

- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документ (квитанция);

- "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган юридикалык жактын уставы;

- арызда көрсөтүлгөн билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн имараттарга, жайларга жана жабдууларга менчик, ыкчам башкаруу же чарба жүргүзүү укугун ырастаган документ(техникалых паспорт);

- арызда көрсөтүлгөн билим берүү программаларынын бекитилген окуу пландары;

3) төмөнкү маалыматтар:

- "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун (2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому)  2-тиркемесине ылайык юридикалык жактын арызда көрсөтүлгөн билим берүү программалары боюнча билим берүү ишинин материалдык-техникалык камсыздалышы жөнүндө;

- "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун (2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому) 3-тиркемесине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алуусу үчүн атайын шарттардын болушу жөнүндө;

- "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун (2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому) 4-тиркемесине ылайык арызда юридикалык жактын көрсөтүлгөн билим берүү программалары боюнча билим берүү ишинин кадрлар менен камсыздалышы жөнүндө;

- "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун (2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому) 5-тиркемесине ылайык юридикалык жактын арызда көрсөтүлгөн билим берүү программалары боюнча билим берүү ишинин окуу-методикалык жактан камсыздалышы жөнүндө;

4) "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун (2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому) 6-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча макулдашуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу:

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү - транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү ишине жабдылган окуу класстарынын жана автодромдун, окуу транспортунун белгиленген лицензиялык талаптарга шайкеш келүүсү жөнүндө;

- дин иштери боюнча - диний билим берүү уюмдарынын (бирикмелердин) билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча билим берүү ишине билим берүү программасынын мазмунунун, билим берүү ишин кадрдык жана окуу-методикалык жактан камсыздоонун белгиленген лицензиялык талаптарга шайкеш келүүсү жөнүндө;

- саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө - орто, жогорку, дипломдон кийинки, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык кадрларын даярдоо боюнча билим берүү ишине материалдык-техникалык базанын жана клиникалык базалардын жана жабдуулардын белгиленген лицензиялык талаптарга шайкеш келүүсү жөнүндө;

5) билим берүү уюмунун атынан иш жүргүзүүчү адамга ишеним кат;

6) берилген документтердин тизмеси.

Документтер арыз ээси тарабынан кыргыз же орус тилдеринде кагаз жана электрондук түрдө берилет. Арыз ээси берилген документтердин аныктыгы жана мыйзамдуулугу үчүн толук жоопкерчилик тартат.

Толук маалыматты жана арыз үлгүсүн бул шилтеме аркылуу таба аласыз. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт