// //

Кантип сперма донору болот жана канча сом төлөнөт? Репродуктолог айтып берет

2019.09.20, 13:26
6267

Сперма донору - бул уругун репродуктивдик максаттар үчүн пайдаланууга тапшырган эркек. Алардын жардамы менен көпчүлүк жубайлар ата-эне болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кимдер сперма донору боло алаарын Профессор Асымбекованын клиникасынын акушер-гинекологу, репродуктолог жана УЗИ адиси Канат Абеков айтып берди. 

Ким донор боло алат?

Венерикалык оорулар жана СПИД менен оорубаган, физикалык жана психикалык ден соолугу чың, медициналык жана генетикалык анализдерди ийгиликтүү тапшырган, 18ден 35 жашка чейинки эркектер сперма донору боло алат.

Донор кандай текшерүүлөрдөн өтөт? 

Каалаган эркектердин баары эле сперма донору боло бербейт. Биринчиден талапкерди толугу менен изилдөөгө алабыз. Алгач спермограмма тапшырат. Спермограмманын жыйынтыгы жакшы чыкса гана, кийинки этапка өтөт. Физикалык, психикалык, генетикалык текшерүү жүргүзүлөт, жалпы клиникалык анализдерди тапшырат, гепатит, ВИЧ, сифилис, микоплазма сыяктуу инфекциялык оорулар жокпу билүү үчүн атайын анализ алынат, спермасы текшерилет. 

Сперма донору уругун ким колдонгонун биле албайт. Маалыматттардын баары жашыруун болот.

Бардык жыйынтыктары жакшы чыгып, донор болууга жараган эркек менен атайын келишим түзүлөт. Донорго конфиденциалдуулукка кепилдик берилет.

Донор өзү жөнүндө кандай маалыматтарды көрсөтүүсү керек?

Клиника донорго бир нече суроолорду камтыган анкета толтурууну сунуштайт. Ал жерде жаш курагы, улуту, чачынын, көзүнүн түсү сыяктуу бир нече суроолор болушу мүмкүн. Бул эмне үчүн керек? Сперма донорлору, адатта, жашыруун болот. Алардын биоматериалын колдонгусу келгендер, донорду көрбөгөндүктөн, кылдаттык менен тандашат. 

Сперма донору уругун  жылына мынча ирет гана тапшыра алат деген чек жок. Мүмкүнчүлүгү болсо, тапшыра берет.

Кантип сперма донору болсо болот?

Сперма тапшыруу үчүн 3 күн жакшылап даярдануу керек, тамеки, спирт ичимдиктеринен алыс болуп, мончого түшпөй, жыныстык катнашка барбай туруу зарыл. Бул факторлордун баары сперманын сапатына таасир берет, эркектин ден соолугу канчалык мыкты болсо, донор болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Сперма донорлоруна канча төлөнөт?

Албетте, сперма донору болугусу келген көпчүлүк эркектерди каржы маселеси кызыктырат. Бирок, бул индивидуалдуу суроо, ар бир клиниканын өзүнүн баасы болот. Орточо эсеп менен 1500 сомдон өйдө болуп калат. Баары сперманын сапатынан жана суроо-талаптан көз каранды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
02.10.2019, 12:16

Бишкекте турабыз, убактылуу катоого туруп( временное регистрация ) полюс алсам болобу

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт