// //

Мектептен качуунун 6 себеби...кызыксыз сабак

2018.02.01, 15:29
2417

Кимден сурасаң да баардыгы мектептен, сабак окуудан качып көргөнүн айтса керек. Качууда алардын ар кандай себеби болушу мүмкүн, мисалы сабакка даяр эмес, достору менен бир жакка баргысы келген, жок эле дегенде уйкуну шылтоолошкон. Бирок мындан сырткары мектептен качуунун негизги себептери дагы бар. Кандай себептер экенин Москва Гештальт институтун бүтургөн психолог Гүлмира Молдокулова  айтып берди:

  1. Кызыксыз сабак. Мугалимдин түшүндүрө албай, сабак кызыксыз өткөрүлсө бала бекер олтургусу келбей качып кетет.
  2. Чыр-чатактар. Классташтардын арасындагы талаш-тартыштар, шылдыңдоо, басынтуу же болбосо жаман ат коюп аны маскаралоо. Ушундай эле көрүнүш мугалим менен окуучунун ортосунда дагы кездешет. Окуучуну классташтарынын көзүнчө урушуп, кемсинтип аны басмырласа, тапшырманы жогорку денгээлде айтып берсе дагы төмөн баа койсо, бала өзүн ыңгайсыз сезип сабакка келбей коёт.
  3. Туура эмес мектепти тандоо. Мисалы гуманитардык сабактарга жакын бала, физика, математикага басым жасаган мектепке окуп калса ага кыйынчылыктар жаралып, ал сабактан качат. Мындай учурларда мектебин алмаштыруу туура болот. 
  4. Эс алуунун аз болушу. Мектептен үйгө берген тапшырманын же мектептен тышкаркы даярдоочу курстардын көптүгү баланы чарчатат. Бардык тапшырманы аткарганга үлгүрбөй мектепке баруудан баш тартат.
  5. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар. Дайыма үйдө уруштар көп болуп турса, атасы же апасы ичсе бала уялып мектепке баргысы келбейт.
  6. Туура эмес чөйрөгө туш болуп калуу. Бул эң негизги себеп болуп эсептелинет. Тентек, ууру, сабактан качкан, ата-энесин укпаган, ичип, чеккен балдарга кошулуп калса бала аларга аралашып өз киши болуу үчүн мектепке барбоого, окууну экинчи орунга койгонго өтөт.

Баланын окуудан качуунун негизги себептери ушулар болуп эсептелинет. Бул масалени чечүү үчүн балага көп көңүл буруу абзел, кээ бир учурларда психологдун дагы жардамына кайрылуу маанилүү. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт