// //

ТОП 5 онлайн музыка угуу үчүн тиркеме

2019.09.10, 15:55
1408

Эгер сиз онлайн музыка угуу үчүн тиркемелерди издеп жаткан болсоңуз, анда мыкты сервистердин рейтингин сунуштайбыз. 

1. Apple Music

Apple Music - музыка угуу үчүн мыкты колдонмолордун бири. Бул жерде 50 миллион ыр, 24/7 радио бар. Кааласаңыз музыканы өзүңүздүн смартфонго же планшетке жүктөп алып, башкаларга өткөрүп берсеңиз да болот. 

Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

2. La La Music

La La Music - бул миңдеген обондор, тандалган жыйнактар жана мыкты аткаруучулар. Порталды  http://music.megacom.kg шилтемеси аркылуу табасыз.

Сервистин функционалы:

  • Обондорду угуу (ойнотуу, тыным, барактоо, ойнотуу шарттары-ырааты менен, туш келди ж.б.)
  • Обондорду каталог боюнча издөө
  • Ойнотуу баракчаларын түзүү (обондордун тандалмаларын)
  • Авторизациялоо жана  жеке аккаунттун тескөөлөрү менен профиль
  • Контентти колдонуу таржымалынын негизиндеги «Сунуштоо» блогу
  • Обондорду угуунун офлайн режими.

Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

3. Google Play Музыка

Google Play Музыка - музыка угуу үчүн мыкты кызмат кылчу тиркемелердин бири болуп саналат. Эң кызыгы, жеке 50,000 тректерди жүктөсө болот.

Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

4. SoundCloud

SoundCloud - өтө популярдуу музыка сервиси. Бул жерде хип-хоп, рок, электроника, классика, хаус, джаз ж.б табуу мүмкүн. Мындан тышкары, жөнөкөй колдонуучу да музыкасын кошсо болот. 

Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

5. Яндекс.Музыка

Яндекс.Музыка - орус тилиндеги Android үчүн абдан популярдуу тиркемелердин бири. Онлайн радио, жаңы тректер, альбомдор жана башкалардын баарын бул жерден тапса болот. 

Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт