Ата-энем окубайсың десе угушум керекпи же жокпу?
Саламатсызбы! Менин жашым 17де. Жогорку окуу жайда окугум келет. Бирок, ата-энем динге жакын, окутушпайт деп ойлойм. Ата-энемдин каалоосун аткарсамбы же өзүм каалаган окуу жайга тапшырсамбы?
Кадыр Маликов
Теолог
Кандай гана болбосун, сый үчүн ата-энени сыйлап, айтканына кулак салып коюу зарыл. Ата-эненин кеңештери, өтүнүчтөрү шариятка каршы келбесе, аларды сөзсүз угуу керек.
Башка жагынан алып караганда, ата-энеңиз менен сүйлөшүп, эмне үчүн окууңузга каршы болуп жатышат себебин билип көрүңүз. Экинчиден, ислам боюнча сөзсүз билим алуу керек экенин түшүндүрүңүз.
Бул жерде жөн гана ата-энеңиздин далилдерин, кеңештерин угуп көрүшүңүз керек. Алардын университетте окууңузга каршы болууга түрткөн жүйөөлүү бир себептери бар болушу мүмкүн. Балким башка университетте, чет өлкөдө билим алышыңызды же азырынча окубай турушуңузду каалашат.
Эч качан ата-эне баласына жамандык каалабайт. Айрым учурда аларды ынандырып, түшүндүрүп коюу керек. Ал үчүн себебин билиңиз. Себепти билбей туруп бир нерсе деп айтуу мүмкүн эмес.
Жалпысынан сабырдуу болуп, алардын да оюн угуп коюңуз.