Product Оwner Гульнура Муратова Agile эмне экенин айтып берет
Agile методологиясын киргизүү менен “Бай Түшүм” инновациялык банк экенин дагы бир ирет тастыктай алды. Бул жаңы метод тууралуу Product Оwner Гульнура Муратова айтып берди.
Agile менен баары бат болот
Agile – бул жаңы методология, бизнес үчүн ийкемдүү мамиле. Agile иш процессин гана эмес, ой жүгүртүүнү, философияны, иш маданиятын да өзгөртөт.
Бүгүнкү күндө банк дегенде эле, адамдарды оюна - баары эрежелерди сактаган, зарыл болгон жол-жоболорду карманган, ар бирөөнүн өз орду бар, консервативдүү институт келет.
Agile ыкмасы таптакыр башкача. Аны менен баары абдан бат болот. Мурун бир продукт жаратуу бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн болсо, тескерисинче, Agile методологиясы продуктту тез иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Команда активдүү иштесе, продукт бир нече ай ичинде рынокто пайда болуп калышы ыктымал.
Эң маанилүүсү, насыя болобу же депозит болобу, кыскасы ал керектөөчүнүн кызыкчылыгына толугу менен жооп берет.
Баары кардардан көз каранды
Agile ыкмасы кардарлардын муктаждыктарына багытталган. Башкача айтканда, толугу менен кардарлардын талаптарынын жана каалоосунун негизинде иштелип чыгат. Продукт иштеп чыгуудагы ар бир кадам (мисалы, аталышы, көрүнүшү) кардардан көз каранды.
Продукт кардарга жакпаса ал рынокко чыкпайт.
Процесс кантип жүрөрүнө токтоло кетсем. Биздин банкта чыгармачылык үчүн Scrum-команда жооп берет. Алардын милдети – жаңы продукт ойлоп табуу жана иштеп чыгуу. Продукт даяр болгондо, биз банкка максаттуу топту (кардарлар, өнөктөштөр ж.б) чакырабыз. Жасаган нерсебизди көрсөтүп, пикирлерин угабыз. Демек, биз ушул этапта эле продукт ийгиликтүү болдубу же жокпу биле алабыз. Жыйынтыгында, рынокко суроо-талап жараткан продукт чыгат.
Биздин алдыга койгон негизги максаттарыбыздын бири - банк продуктуларын кардарларга жеткиликтүү кылуу. Бүгүнкү күндө убакыт – бул алтын. Ошондуктан, адамдар көп убакытын коротпой банк кызмататарын колдонуусу абдан маанилүү.