// //

Россиянын жараны болгон күйөөм каза болуп калды. Кызыма жөлөкпул алаламбы?

2019.09.03, 14:18
988

Саламатсызбы! Күйөөм Россиянын, кызым экөөбүз Кыргызстандын жараныбыз. 27-майда күйөөм каза болуп калды. Бизде ЗАГС жок. Кызыма жөлөкпул алсам болобу? Кызым 5 жашта. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2019, 14:21

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери

Саламатсызбы! Сурооңузда тактай турган бир канча жагдайлар бар экен. Мисалы, күйөөңүз кайсы жакта иштеген? Расмий иштегенби же жокпу? Эмгек китепчеси ачылганбы? Кыргызстанда, Россияда атайын салык төлөмдөрүн төлөп жүргөнбү? Бул боюнча тактап билсеңиз, сурооңузга толук жооп берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Кыскача токтоло кетсем, күйөөңүз иштеген болсо, пенсия берүү системасынын эл аралык келишимдерине ылайык кызыңызга багуусунан ажыраганы боюнча социалдык фонддон пенсия алаласыз. Бул боюнча айтылуу органдан толук маалымат алсаңыз болот.

Эгер жолдошуңуз эч жерде иштебесе, кызыңызга багуусунан ажыраганы боюнча КРнын Эмгек жана социалдык министрлиги тарабынан жөлөкпул чектелет. Бул жерде да, социалдык төлөмдөрдү төлөө жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык, күйөөңүз Россиянын жараны болгонуна карабастан кызыңызга жөлөкпул чектөө мүмкүнчүлүгү болот.

Ал үчүн сиз жашаган жериңиз боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктарына кайрылууңуз зарыл. Жөлөкпулду бир гана өлкөдөн алаласыз. Ошондуктан алар Россиядан алаласызбы же жокпу билүү үчүн ал жакка сурам (запрос) жөнөтүшөт. Эгер “Россиядан албайт” деген жооп келсе, бул жактан кызыңызга жөлөкпул чектелет.   

Кыргызстандын Мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча мыйзамына ылайык, багуусунан ажыраганы боюнча жөлөкпул алуу үчүн адамдын каза болгон күнүнөн тартып бир жылга чейин кайрылуу керек. Бүгүнкү күндө анын өлчөмү 1000 сомду түзөт (бир багуусунан ажырагандарга). Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын калктуу конушта жашасаңыз, анда жөлөкпул коэффициентти эске алуу менен дайындалат.

Төмөнкү документтер талап кылынат:

  • Жашаган жериңизден маалымкат
  • Кызыңыздын туулагандыгы тууралуу күбөлүгү
  • Күйөөңүздүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү.

Ал эми, ортоңоруздарда ЖААК жок болсо, кызыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылуу болсо жетиштүү. Эгер атасы деген графада күйөөңүздүн аты-жөнү жазылбаса, аталыкты таанытуу боюнча сотко арыз менен кайрыла аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт