// //

Смартфонго кантип интернетти туташтырса болот?

2019.08.29, 12:02
1172

Жаңы смартфон менен сим-карта сатып алдыңыз. Аппаратты күйгүзүп, сим-картаны орноттуңуз. Эгер мобилдик интернет автоматтык түрдө иштебесе, анда бул аракеттерди жасап көрүңүз.

  1. Уюлдук операторуңуз менен байланышып, атайын тескөөлөрү (настройка) менен смс билдирүү жиберүүсүн өтүнүңүз.
  2. Тескөөлөр менен келген катты ачып, ичиндеги “Установить” деген кнопканы басыңыз.
  3. Пин-код сураса, кайра опреаторуңуз менен байланышып, туура пин-кодду билип алыңыз.
  4. Аракеттерди жасап бүткөндөн кийин, смартфонду өчүрүп-жандырыңыз.
  5. Эми интертнетти колдоно берсеңиз болот.

Мегаком абоненттери үчүн интернет кызматтарын тескөө

  1. SMS аркылуу автоматтык түрдө тескөө

GPRS тескөөлөрүн алуу үчүн «1» санын 321 кыска номуруна SMS-билдирүү түрүндө жөнөтүү зарыл (акысыз). Келген SMS жообунда тескөөлөр камтылган болот. Тескөөлөрдү телефондо сактап калуу үчүн «ооба/да/yes» пунктун басып, телефонду өчүрүп жандыруу зарыл.

* Сактоо үчүн PIN –кодду талап кылган учурда 1111 сандарын киргизүү керек.

  1. Кол менен тескөө

Мобилдик интернетти кол менен тескөөнүн параметрлери:

"Меню" - "Настройки" - "Сеть"-Мобильная сеть"-"Пакетные данные"- "Точка доступа" аталышы APN: internet

Параметрлерди киргизгенден кийин телефонду өчүрүп, кайра күйгүзүү зарыл. Кененирээк бул жерден окуй аласыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт