// //

Онтобой ооруга жолуктурган муз тебүүчү “баллондор”

2018.02.01, 15:12
2649

Алмаз Кубатбеков: Биздин борбордо үй-бүлөсү менен жатып калгандар бар. Баары тең сыныктан жабыркагандар. Январь айында эле чана тебебиз деп чыгып кырсыктап келгендердин саны 260 болду.

Декабрь айынан баштап кышкы спорттун түрлөрү, кышкы эс алуулар күчөп, чана тээп же лыжа үстүндө желдей учкандар көбөйөөрү белгилүү. Акыркы учурларда кышкы эс алуучулар үчүн лыжа базалары ачылып, алар профессионалдар жана жаңы үйрөнгөндөр, орто тепкендерге деп атайы бөлүктөрүнөн шарт түзүп беришет. Бирок эч кандай шарты жок, келип эле муз тебе бере турган Бишкекке жакын тоолор да жок эмес. Ал айылдын тургундары кыш келгени ошол жерде, үйлөтүлгөн баллондорду ижарага берип, керек десе чай, кофесин, ысык тамак-ашын даярдап турушат. Тилекке каршы мына ошол баллондон учуп ар түрдүү сыныктарды алып, айрымдарынын шал болуп калгандары да жок эмес.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы врачы Алмаз Кубатбеков, кыш келгени бизде тыным жок дейт. Борборго сыныктан жабыркап келгендердин саны арбып, бут, кол, омуртка сөөктөрү, моюндары сынып келишет, өзгөчө эс алуу күндөрү, кышкы каникулдарда көп болот дейт.

  • Кышкы спорттун өнүккөнү албетте жакшы, бирок ал профессионалдык деңгээлде болушу шарт. Көпчүлүк жарандарыбыз эс алуу күндөрү үй-бүлөсүн алып жакынкы эле тоолорго барып муз тебебиз деп бирок кайгылуу көрүнүштөргө учурап жатышат. Биздин борбордо үй-бүлөсү менен жатып калгандар бар. Дээрлик баары сыныктан жабыркагандар, ашказаны жарылып, көк боору айрылып кеткендери болот. Январь айында эле чана тебебиз деп чыгып кырсыктап келгендердин саны 260 болду.

Травматология жана ортопедия борборунун омуртка сөөк бөлүмүндө дарыланып жаткан Мээрим менен Самара, Бишкек шаарына жакынкы тоолордун бирине курбулары менен чана тепкенге барышкан. Алар тааныш эмес, бирок эс алуу учурунда бири-бирин көрүшкөнүн айтышат. Экөө тең баллондон жыгылып, борбордун жандандыруу бөлүмүнө оор абалда келип түшүшкөн, эстерине келгенде бир бөлмөдө жатышканын айтышат.

  • Менин омурткаларым сынып чачырап кеткен экен. Эл катары эле баллон менен түшүп жаткам, бир учурда эмне болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым, эч кимге мындай кырсыкты каалайбам дейт Мээрим.

Ал эми Самара оор операцияны башынан өткөргөнүн, бел омурткасы майдаланып кеткенин айтат.

  • Курбуларым менен тоого чыккан соң карап отуруп бир учурда өзүм да кантип кошулуп кеткенимди билбейм. Бир эки жолу түшүп, чыгып келгем. Ээ жаа бербеген баллон менен учуп күйүп бат эле ылдый жетип барганым бир заматта адреналинимди ойготуп жиберип кызыгуум артып кетти. Бирок акыркы түшкөнүмдө баллонду башкара албай калдым, ээ жаа бербей ала качып келип, асманга ыргытып туруп көтөрүп чапты, мен ордумдан кыймылдамак турсун араң дем алып жаттым

Деп эскерет Самара аттуу кыз. Ошол эле борбордун омуртка сөөк бөлүмүнүн башчысы Марат Сабыралиев, мындай кейиштүү окуялар абдан көп экенин, айрым учурларда омуртка сөөктөрү, моюндары сынып келип шал болуп калгандар да жок эмес дейт.

  • Бул эки кыздын окуясын ала турган болсок Кудай чоң сактаган. Омурткалары майдаланып кеткен, эң башкысы жүлүндөрү үзүлүп кетпей, же омуртка сөөктөр жүлүндү кысып калбаганы жакшы болгон. Азыр омурткаларын заманбап технологиялар менен алмаштырып жардам бердик, акырындан жакшы болуп кетишет. Бирок оор көтөргөнгө, ылдам кыймыл жасап жибергенге болбойт. Жакында эле бир айым неберелери менен тоого чыгып аларды карап жүрсө башка эле бирөө келип баллон менен ыргыта сүзүп кеткен, омуртка сөөктөрү сынып жүлүнүн кысып калган экен, тилеке каршы шал болуп калды. Баардык жарандарга айтып кетем, ооба лыжа тепкиле, чана тепкиле, эс алгыла, бирок эч качан баллон менен тоодон ылдый түшпөгүлө. Аны токтотуу, башкаруу мүмкүн эмес.

Негизинен кышкы эс алуучу жайлар атайы лыжа тебүүчү аймактарды техникалардын жардамы менен таптап, инструкторлорду дайындап, ар бир эс алуучунун лыжа, сноуборд тебе ала турган професионалдык деңгээлине жараша жолдорду даярдашкан. Алар өз аймактарына эч качан баллон сатып бизнес кылгандарды жакын жуутушпайт. Ал эми тоо бооруна жакын жашаган айыл тургундары Бишкектен агылып келген эс алуучуларга арзан баада баллон кызматтарын сунушташат. Арашан айылынын тургуну Нурлан аттуу жигит кышкысын эс алуучулар көп келээрин, баллон сатып акча табаарын айтат.

  • Мен түшкө чейин үйдөгү иштерди бүтүрүп анан бул жерге 4 баллонумду сүйрөп алып келем. Ар бир баллонду саатына 100 дөн 200 сомго чейин тапшырабыз. Албетте бир саат дегенибиз менен ашыгы менен эле беребиз. Эми кышкысын иш жок болгон соң ушинтип оокат кылабыз. Баллонду бергенибиз менен кээ бир эс алуучулар ичип алып өйдө бийик чыгып кетишсе, анан түшүп келе жатканда октой эле учушат да. Кээ бирөөлөрү жүрүп бараткан же токтоп турган унааларды сүзүшөт, керээли кечке кулап, кайра туруп эле тебе беришет. Башкаруунун инструкциясын үйрөтүп бергенибиз менен баары бир угушпайт.

Өзгөчө жаштар арасында муз тебүү ышкысы абдан күч. Атайын топтошуп алышып, кесиптештер, же үй-бүлөлөрү менен келишип муз тепкендерди айрыкча эс алуу күндөрү көп көрүүгө болот. Өз жанын тобокелчилике салып бийик тоодон баллон менен түшүп кырсыктап жаткандардын саны да ошончолук көп. Травматологдордун айтуусунда кырсыктан каза болуп калгандар да жок эмес. Эң башкысы, бөөдө кырсыктан ары кылсын демекчибиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт