// //

Сиражидин Эраев, фермер: Байбичем экөөбүз пенсияны күтпөй тыйын таап алабыз

2019.08.26, 11:20
1074

Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Сиражидин аксакал тээ союз учурунда көп жыл чабандык кесипти аркалап, өз ишин мыкты аткарып ардактуу чабан болууга жетишкен. Өлкө эгемендүүлүкө ээ болгон жылдары көпчүлүк катары үлүшкө тийген чакан мал менен жан сактап калган. 

Учурда Сиражидин аксакалга тандык чакан ферма бар. Анда 16дан ашуун саан уй менен 15ке чукул бодо мал асырайт. Алардын сүтүн, майын жана төлүнөн тапкан кирешени жер иштетүүгө, колунда жок үй-бүлөлөргө кайрымдуулук кылууга сарптайт. 

Союз таркап кеткенде жумушсуз калдык

Туруктуу жумуш, убагында эмгек акыга көнгөн жаныбыз союз таркап кеткенде жонубузга муздак суу куйгандай эле болдук. Көп жыл чабандык кесипти аркалагандыктан соода-сатык кылууга же жер иштетүүгө моюнум жар бербеди. Үлүшкө тийген мал күнүмдүк тиричиликке сарпталып баштады. Иштин көзүн таппай көпкө кыйналдык.

Ал күн бүгүнкүдөй эсимде, 2003-жылы «Айыл Банктан» 20 миң сом өлчөмүндө чакан насыя алдык. Үнөмдүү колдонуп жакшы жыйынтыкка жеттик. Кийинкисинде көбүрөөк алып мал чарбасына жумшадык. 

Байбичем экөөбүз пенсияны күтпөй тыйын таап алабыз

Малыбыздын туягы жыл санап көбөйүп, жер иштетүүгө өттүк. Учурда байбичем экөөбүз бош жатпай эртели-кеч уйларыбызды карап, сүтүн саап өткөрөбүз. Пенсияны күтпөй сүт, майдан күнүмдүк жашоого керектелчү тыйын-тыпыр таап алабыз. Жардам сураган айылдаштарга да артыбызды салбай, чын дилден кайрылышып турабыз. Ал эми малга чөп салуу, алдын тазалоо сыяктуу жумуштарды жергиликтүү тургундарга акы төлөп жасатабыз.

«Айыл Банк» менен иштешкен 15 жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Мал курап бутка турдук, уул-кыздарыма там алып бердим. 

Бул да болсо Банктын насыяны узак мөөнөткө бергенинен жана пайызы төмөн болуп, карапайым калкка ыңгайлуулугу болгонунан болсо керек. «Айыл Банк» менен канча көп иштешсең пайызы азая берет. Алдыда айтылуу Банктан техника алып жер иштетсем деген оюм бар. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт