Көрүстөндөн өтүп баратып кантип дуба кылыш керек?
2019.08.13, 12:38
998
Саламатсызбы! Көрүстөндөн өтүп баратып маркумдарга кантип дуба кылыш керек? Ушул суроомо жооп уксам дейм.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.08.2019, 12:43
Кадыр Маликов
Теолог
Мүрзөнүн жанынан өтүп баратып, Пайгамбарыбыз өзү, "Ассаламу алейкум! Бул үйлөрдүн тургундары (мүрзөнүн) же мусулмандар! Биз да силерге кошулабыз", - деп айткан. Бул дубаны (арапчасын) мусулман адам мүрзөгө барганда же жанынан өтүп баратып айтышы керек.
Бирок, Кыргызстанда муну көбү билбегендиктен же жаттоо кыйын болгондуктан, мүрзөнүн жанынан өтүп баратып бата эле кылып коюшкан.
Мүмкүнчүлүк болсо, Пайгамбар айткан дубаны жаттап койгон жакшы. Болбосо, "Омийин" эле кылып койгонго уруксат берилет.
0
Пайдалуу жооп