BTB Express - Россиядан Кыргызстанга акча которгондор үчүн ыңгайлуу сервис
Алыста жүргөндө акча которуу менен депозитти толуктоо же насыяны төлөө анчейин ыңгайлуу эмес. Ал үчүн туугандарыңа чалып, убактысы болсо банкка барып төлөп коюусун өтүнүү керек. Орусиядагы мекендештердин жашоосун жеңилдетүүнүн жолун “Бай Түшүм” Банкынын адистери табышты.
“Бай Түшүм” Банкы эл аралык Intervale компаниясы жана россиялык «Ак Барс» банкы менен биргеликте BTB Express продуктун иштеп чыкты. BTB Express - Орусиядагы эмгек мигранттарына мекениндеги банк эсептерин башкарууга мүмкүнчүлүк берет. BTB Express тууралуу кененирээк маалыматты төмөндөн окуңуз.
BTB Express деген эмне?
BTB Express – “Бай Түшүм” Банкындагы жеке эсептерди 0% комиссиясы менен толуктоочу онлайн-сервис. Кызмат Россиядан Кыргызстанга акча которгон адамдар үчүн абдан ыңгайлуу болуп саналат. Банкка баруунун кереги жок - акча картадан которулат жана дароо кардардын эсеби толукталат.
BTB Express менен кадимки эсептерди гана эмес, карталарды жана депозиттерди да толуктап, насыяны төлөөсө болот.
Кардарлар үчүн уюлдук тиркеме же банктын сайты сунушталат. Ар ким өзүнө ыңгайлуусун тандап алат. BTB Express колдонууга жеңил, эч кандай атайын билимди талап кылбайт.
Баса, сомдук жана рубль менен ачылган эсептерди да толуктаса болот.
BTB Express кызматын колдонуу үчүн эмне кылуу керек?
Бул кызматты колдонуу үчүн:
- "Бай-Түшүм" Банкында эсеп (сом же рубль) болуш керек;
- BTB Express колдонмосун жүктөө же банктын сайтынан пайдалануу;
- Орусия банкынын төлөм картасы зарыл.
Сервисти Visa, Mastercard, Maestro жана МИР карталарынын баардык ээлери колдоно алат.
BTB Express үчүн кандай комиссия каралган?
Банктагы сомдук эсепти толуктөө үчүн комиссия алынбайт. Ошол эле учурда, автоматтык түрдө рублди сомго алмаштырууда курстагы айырма бар. Банктагы рубль эсептерин толуктоодо которо турган акчанын суммасы 10 000 рублга чейин болсо, комиссия минимум 50 рубль болот, 10 000ден жогору болсо 1,3 %. Бардык процесс автоматташтырылган, кардар дароо канча болоорун көрө алат.
BTB Express тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден окусаңыз болот.