// //

Ата-энеге кеңеш. Гаджеттерди пайдалуу хоббиге айлантабыз

2018.09.24, 16:11
2443

Тыюу салуунун пайдасы жок!

Алып коюу же тыюу салуу - гаджеттерге болгон ата-эненин мамилеси ушуну менен чектелет. Натыйжада, апасы же атасы бир иш менен алек болуп жатканда, балдар тымызын видео оюндарды ойноп, интернет колдонушат.

Бүгүн биз балдарга заманбап технологияларды туура колдонууну үйрөтүп, алардан кандай пайда алса болоорун айтып беребиз.

Балаңыз менен бирге үйрөнүңүз

IT дүйнөсүнө балаңыз менен бирге саякаттаңыз. Балага гаджет жөн гана оюн ойноо же интернет чукулоо эмес экенин көрсөтүңүз. Алардын жардамы менен суроолоруна жооп таап, тапшырма  даярдай ала турганын айтыңыз. Балаңызды пайдалуу ишке тартыңыз - үйрөнгөндөрүн сизге үйрөтүүнү сураныңыз, чогуу мастер-класстарды көргүлө, сабактар боюнча илимий эксперименттерди өткөргүлө.

Баланы өнүктүргүлө

Мектеп курагына чейинки балдарга смартфондор тамгаларды, сандарды, түстөрдү үйрөнүүгө жардамчы болот. Чоңураак балдар чет тилдерди үйрөнүп, логикалык оюндарды ойной алат. Баланын жаш курагына жана көндүмдөрүнө таянуу менен психологдор жана мугалимдер менен бирдикте иштелип чыккан тиркемелерди тандаңыз.

Мектеп курагына чейинки балдарга чоңдор колдонгон гаджеттердин кереги жок, балдар планшети жетиштүү. 12 жашка чейинки  окуучуларга мобилдик интернетти киргизүү зарыл эмес, Wi-Fi колдонушсун.

Кесип тандоо үчүн кызыгуусун колдонуу

Балаңыз эмнеге кызыкдар экенин байкаңыз, балким, анысы бир кесип же хобби тандоо үчүн негиз болуп калат. Ал компьютер оюндарында конструкциялоону жактырса, 3D-моделдөө ийримине берсеңиз болот. Роботторго кызыкса, роботехника класстарына кошуңуз. 

 

Бала менен сүйлөшүп алуу

Тыюу салуунун ордуна балаңыз менен гаджетти канча убакыт колдоно турганын сүйлөшүп алыңыз. Смартфондорду ойноп, интернетке кирүү үчүн атайын саат белгилеп бериңиз.

Санариптик технологияларды колдонууда  балдарда абсолюттук эркиндик болбошу керек. Ишенимдин аркасында,  ата-эненин катуу көзөмөлү болуусу зарыл. Тармакта балдарга тиешеси жок нерселер бар экенин айтып, коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп, чоңдор үчүн контентти блоктоп коюңуз.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт