// //

Өспүрүмдөрдүн жашыруун тили. Ата - энелер үчүн сөздүк

2018.09.20, 16:07
3957

- Келегой, сабактарың жакшыбы?

- Файно.

- Эмне дейт.

- Сорян, жакшы.

- Кел, тамак ичегой...

- Азыр могу пранкты шерит этип коёюн.

- Йа...

Ар бир муундун өзүнүн терминдери бар. Мурун "матем", "физра" деп сүйлөсөк, бүгүн “челлендж”, “хайпим” же “бро” деген сөздөрдү көп угабыз. Бул сөздүктөгү сөздөрдү билип алсаңыз, балаңыздын эмне деп жатканын түшүнүп, заманбап ата-энеге айланасыз.

Бро — таанышына достук мамиле менен кайрылуу

Го, гоу — кеттик, жүр аны жасайбыз, кыймыл-аракетке чакыруу

Дратути — саламдашуу

Емеля — электрондук дарек

Изи — жеңил, оңой

Труба — шумдук

Йеп — макул болуу

Бомбит — тажатуу, кыжырына тийүү

Кетчунез —  кетчуп менен майонездин айкалышы

Намана — нормалдуу

Варик — вариант

Пранк — тамаша кылуу

Харе, стопэ — токтот, жетиштүү

Тру — реалдуу, чыныгы

Файно — жакшы, сонун

ЛС —  жеке кат (личные сообщения)

Хейтер — бир нерсени жаман көргөн, бирөөлөрдүн чыгармачылыгын критикалаган (көбүнчө анонимдүү) адам

Челендж— мелдешип, бир аракетти жасоого чакыруу

Шер, шерить — бирөө менен сүрөт, кино же файл сыяктуу нерселерди бөлүшүү

Рофл — каткырып күлүү

Видос — видео-роликтер

Фейк — жалган, жасалма

Зашквар — уят кылуучу, татыксыз

Сяб — рахмат

Шмот — саркеч кийим

Флекс — концертте шаңдуу музыкага бийлөө

Хайп — учурда мода болуп жаткан нерсе

Хайпим — жыргап эс алуу

Жиза — жашоодогу чыныгы абал

Шарить — бир нерсени мыкты түшүнгөн адам

Бьюти —  сулуулукка тиешелүү бардык нерсе

Свитшот — капюшону жок толстовка

Тренить — машыгуу

Худи —  капюшондуу, алдында чөнтөгү бар толстовка

Лонгслив — футболка сыяктуу, жеңи узун кийим

Байтер — бирөөнүн стилин (кийимин гана эмес) туураган адам

Сорян —  кечирип кой.

Ата - энелерге кеңеш

Баланын табитин кичинесинен  - жакшы китепке, киного, музыкага жана оюнга калыптандыруу керек. Чогуу китеп окугула, кино көргүлө. Маданият саатын киргизип, театр, көргөзмөлөргө баргыла. Бала айлана - чөйрөсүнөн кооз сөздөрдү угуп чоңойсо, тилин булгабайт, тескерисинче, ошондой сүйлөөгө аракет кылат. 

Биринчи кезекте ата - эне балага үлгү болушу керек!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт