// //

Заманбап өспүрүмдөр колдонгон 5 тиркеме жана сайт

2018.09.20, 11:23
1863

Балким, сиз булар тууралуу билбейсиз.

  1. TikTok —видеокараоке үчүн социалдык тармак

Рейтинг. 4,2 — Apple Store жана 4,5 — Play Market.

Баасы. Бекер (акы төлөнүүчү кеңейтүүлөрү бар).

Жүктөө. iOS жана Android.

Кытайлардын TikTok популярдуу тиркемесинен бир мүнөттүк видеоролик тартып, ошол замат монтаждаса (кыскартып, жаныбарлардын маскасын чаптап, фильтр коюп) болот. Үн эффекттери дагы абдан көп: ыр, аудио, видеомем жана жаныбарлар үнү.

  1. Discord — геймерлер үчүн чат

Рейтинг. 4,8 — Apple Store, 4,5 — Play Market.

Баасы. Бекер. Катталсаңыз анимация туташтырып жана эмодзинин санын көбөйтүп берет.

Жүктөө. iOS жана Android.

Discord фунциясы боюнча Skype окшош – тиркемеден чалып, аудио жаздырып жана текст жөнөтсөңүз болот. Бирок, муну геймерлер үчүн иштеп чыгышкан. Колдонмо оюн командасынын бардык мүчөлөрү менен онлайн чатта сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Push-to-talk техникасы бар, принциби рациядай, атайын баскычты басып койсоңуз, чалгандар сизди угат.  

  1. Rhyme — заманбап музыка тууралуу сайт

Жаңы релиздер эми радиого эмес, интернетке чыгат. Сайт хип-хоп жана заманбап музыка күйөөрмандары үчүн.

  1. Twitch — геймерлер үчүн стрим

Рейтинг. 4,6 — Apple store жана Play Market.

Баасы. Бекер (акылуу кеңейтүүлөрү дагы бар).

Жүктөө. iOS жана Android

Стрим – инстаграмдагы же башка тармактардагы түз эфир сыяктуу эле. Бүгүнкү күндө Twitch – киберспорт боюнча видеооюндар жана турнирлер үчүн  белгилүү сервис: күнүнө 15 миллион адам колдонот. Анткени, стримдер үчүн акча ала аласыз.

Мисалы, америкалык Тайлер Блевинск айына болжол менен 500 миң доллар табат. Анын Twitch каналына 4 миллиондон ашуун адам катталган, ар бир оюнду 100 адам көрөт.

  1. Donaitionalerts — донат жөнөтүү кызматы

Рейтинг. 3,5 — Play Market.

Баасы. Бекер.

Жүктөө. Android

Бул тиркемден YouTube менен Twitch транцляцияларын көрүүгө болот жана донаттарды жибере аласыз – акылуу кат, акчалар стримердин эсебине түшөт, баары эфирде көрүнүп турат. Донат – стримерди колдоо, таарынтуу же көп учурда өздөрүн жарнамалоонун бир жолу болуп саналат.

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт