Кекечтик тукум кууйбу?
Кекечтенүү коркуудан улам пайда болот
Кекечтенүү стресс жана коркуудан улам пайда болот. Эгерде бала 2 жашында коркунучтуу тасма же ата-энесинин урушуп жатканын көрүп, коркуп калса кекечтене баштайт. Үч түрү бар баштапкы, ортоңку жана өрчүп кеткен. Кантип башталат дегенде, баары балачакка барып такалат. Мисалы, бала бакчага бара баштаганда тарбиялоочусу катуу айтып урушуп койсо коркуп, кийин аны көргөндө сүйлөй албай кекечтене баштайт. Болбосо, мектептен мугалими урушуп, туура эмес кылдың деп кол көтөргөндөн катуу коркуп калса пайда болот.
Жакындарынын маңдайында нормалдуу эле сүйлөгөн бала, корккон адамынын жанында толкунданып сөзүн айта алабайт. Тарбиядан дагы көз каранды. Ата-энеси көп ур-токмокко алган балдар дагы кекечтенет.
Кекечтик туукум куубайт
Ата-энелердин көбү кекечтенүү ген аркылуу берилип, тукум кууйт деп ойлошот. Бирок бул жаңылыштык. Кекечтенүү эч качан ата-энеден балага өтпөйт. Бул корккондон улам пайда болот. Ошондой эле, эгерде атасында, энесинде же бир туугандарынын биринде кекечтенүү бар болсо, жаңы төрөлгөн бала чоңойгон сайын алардын айткандарын угуп, сиңирип алып, сүйлөп баштаганда кайталайт. Мындай учурда жаш баланы үй-бүлөсүнөн бөлүп койсо, анда ал нормалдуу эле сүйлөйт. Менин практикамда мындай учурлар көп болгон.
Мага 2 жаштагы баланын энеси “биздин атабыз кекечтенет, балабыз дагы кекечтене баштады” деп кайрылган. Мен баланы чоң энесине жибергиле, аны ошол жактан мага алып келип тургула дедим. Мен айткандай кылгандан аз убакыт өтпөй эле, бала нормалдуу сүйлөп, кекечтенбей калды. Андыктан ата-энеси же бир туугандары кекечтенсе ал бири-бирине өтүп чынжырча болуп кете берет. Бөлүү менен кекечтик жоголот.
Өз алдынча арылууга мүмкүн
Кекечтенүүдөн өз алдынча арылса болот. Бардыгы адамдын каалоосунан көз каранды. Эгерде ал айыгам деп максат коюп, күн сайын ага жетүүгө аракет кылса, жыйынтыгы көп күттүрбөйт. Болгону жол көрсөтүп турчу логопед керек болот. Биз кандай кылуу керек экендигин айтып турабыз. Негизги методикалар адабият, окуу техникасы, көркөм окуу, бир тексти 5-10 жолу кайталап окуп, айтып берүү, басымды туура коюу, туура дем алуу, кекечтенген тамгаларын чоюу. Өз алдынча болсо азыр интернеттерде атайын көнүгүүлөр бар, ошолорду карап аткарса дагы болот.