// //

Кесип ээси: Археологдун жумушу детективге окшош, бирок андан да кызыктуу

2019.06.28, 12:42
4063

Археолог Күнболот Акматов өзүнүн жумушу тууралуу Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Археология деген эмне?

Археология - тарых илиминин бир багыты. Негизги максаты байыркы адамдардын тарыхын материалдык буюмдардын, турак жайлардын, сыйынуучу жерлердин калдыктарынын негизинде изилдөө.

Бул кесипке кантип келип калдыңыз?

Мектепте окуп жүргөн кезде арехеология жөнүндө эч нерсе билчү эмесмин. Кийин Манас университетинин, тарых бөлүмүнө өтүп калдым. Археология сабагын Кубат Табалдиев деген агай өтчү. Жайкы каникулга айылга барып археологиялык эстеликтер болсо сүрөткө тартып келгиле деп тапшырма берди.

Мен Ысык-Көлдүн Орнок айылынан болом. Биздин айылдын чет жагында петроглифтер, байыркы жазуулар бар көп экен. Аларды сүрөткө тартып агайга “мына тартып келдим” - десем, “эми доклад жаз” - деди. Доклад жазып, презентация кылдым. “Эми макалага айлант” - деди, андан кийин макалаң менен конференцияга чык деп, бул кесиптин кызыгына кирип, тартылып кеттим. Ошентип, археолог болуп калдым.

Археолог эмне иш кылат?

Археологдордун жумушу талаада. Байыркы адамдардан калган эстеликтерди табуу. Биринчи чалгындоо жүргүзүп, жергиликтүү элден сураштырып, эстеликтерди табуу керек.

Табылгандан кийин эстеликтерди казуунун атайын методикасы, ыкмасы болот. Жердин катмарын бир сантиметрден алып отуруп, “кисточка” менен тазалайбыз. Ар бир деталды документтештирип кийин буюмдарды кабинтеке алып келип анализдейбиз. Андан соң эмгектер жазылат.

Жумуштун жаккан жана жакпаган жерлери?

Мага археологиялык изилдөө процесси толугу менен жагат. Жумушуман ырахат алам. Биздин жумуш детектив китебин окуганга окшош. Кылмыш иши болгон жерди тергөөчүлөр тосуп алып, эч бир буюмду ордунан козгобой иликтешет эмеспи. Биз да ошондой шартта иштейбиз.

Жумушумдун жакпаган жерин айтуу кыйын. Болгону биздин иш талаада жүрөт, кандай аба ырайы болбосун ишибизди уланта беребиз, күн ысыкта, суукта, жаанда. Ошолор ыңгайсыздык жарат.

Болочоктогу археолог кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Археологго сабырдуулук, чыдамкайлык, дыкаттык, тактык, өжөрлүк сөзсүз керек.

Келечекте археологдорго кеңеш

Тарых сабагын окуңуз. Бул жалпы дүйнө таанымыңызды кеңейтет.  

Буюмдардын эскилигин аныктоо аларды туура сактап калуу үчүн химиялык жана физикалык процесстерди билүү зарыл.

Казуу иштери жүрүп жатканда көптөгөн сөөктөр табылат. Андыктан анатомия, антропология жагынан көп маалыматыңыздын болгону сизге артыкчылык берет.

Азыркы жашоодо кандай гана кесип болбосун тил билүү өтө маанилүү. Кыргызча, орусча анан албетте англисче.

Археолог эл аралык илимий долбоорлорго, коференция семинарларга көп барат. Тил билсең чет элдик окумуштуулар илимий долбоорлорго катышууга чакырышат.

Кыргызстандагы археологдун айлыгы канча?

Мен университетте мугалим болуп иштейм. Ошондуктан кадимки мугалимдердей эле айлык алам. Бирок, эл аралык долбоорлордун алкагында иш алып барганда, эл аралык стандарттагы айлык акы алам.

Кыргызстанда археологдорго суроо-талап барбы?

Суроо-талап жогору деп айтуудан алысмын. Бирок улам көбөйө баштады. Кийинки жылдары кандайдыр бир курулуш жүрө турган болсо, жер трансформацияланса, чарбалык же өндүрүштүк максаттарда колдонула турган болсо, тарыхый эстеликтердин бул жерде бар жогун билүү үчүн археологиялык экспертиза милдеттүү түрдө жасалсын, деген мыйзам иштеп баштады. Андыктан археологдор коомго керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт