// //

Кыргызстан 8 миллион килограмм таштандыдан арылды

2018.09.18, 16:55
1495

Кыргызстан боюнча 15-сентябрда дээрлик 400 миң киши катышкан “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү”  (World Clean Up Day) экологиялык акциясы өттү. Алар 90дон ашык аймакты таштандыдан арылтты. Акция өлкө боюнча алгачкы ирет өткөрүлдү жана 1 күндө эле жарандык активисттер 7 988 000 килограмм таштанды чыгарды, анын жарымын эле пластик, төрттөн бир бөлүгүн – айнек, калган 25 пайызын башка калдыктар түздү.

“Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Нарын облустарында өттү. Кыргызстандын ордо калаасы Бишкекте эле, жарандар 70 локацияны, анын ичинде суу сактагычтарды, капчыгайларды, парк аймактарын жана каналдарды тазалашты.

Акцияны кайдыгер эмес жарандар, окуучулар, студенттер, мамлекеттик жана жеке мекемелердин кызматкерлери, ишкерлерлер, кичи жана орто бизнес өкүлдөрү жана коомдук пикирдин лидерлери колдошту. Акцияга ошондой эле Кыргызстандын эстрада жана  хип-хоп аткаруучулары катышты – Бегиш, Баястан, Арсен жана Айбек Замиров жарандарды “Таза Жаша” ыры менен активдүүлүккө чакырып кетишти. Анын идеялык автору жана демилгечиси болуп  “Эко Деми” коомдук фондунун төрайымы Айжан Чыныбаева чыкты.

18-сентябрда тартууланган “Таза Жаша” чыгармасы  жарандарды патриоттуулукка өлкөсүнө аяр мамиле жасоо жана тазалыкты сактоо аркылуу чакырат. Текст 15-сентябрдагы глобалдык ишембиликке катышкан  ыктыярчылар жана активисттер менен коштолот.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы өзү экологиялык демилгени колдоп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Аппарат жана парламент иштери башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакчаны жыйнап-тазалоого катышышты. Аймактарда акцияны жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана шаар мэрлери колдошту.

“Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү”  (World Clean Up Day) – Эстонияда 2008-жылы жаралган демилге. Акция жыл сайын начарлап бара жаткан дүйнөдөгү экологиялык абалга көңүл бурат. Айлана-чөйрөнү булгоо маселеси жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн алууда, демилгечилер жарандарды коомдук жайларда тазалыкты сактоо тууралуу ойлонууга, ресурстарды туура колдонууга жана аларды туура жок кылууга чакырат.

2018-жылы кыймылга 150 мамлекет кошулду, алардын бири Кыргызстан. “Эко Деми” коомдук фонду экологиялык акциянын демилгечиси жана расмий өлкөлүк өнөктөшү болду.  Өлкө боюнча акциянын катышуучулары жана өнөктөштөрү ар кандай 5 миң уюмдар, анын ичинде Enactus, ФРМИ, МОФ, “Роза Отунбаеванын демилгеси”, Борбордук Азия университети жана Beeline, Prego Club, Talisman Village, Club hotel Dostuk, АО « Шарбон», St. art Ltd, Beeline, Papa Johns, Horeca Club жана башка компаниялар болду.

“Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү 2018”  жана “Эко Деми” тууралуу кененирээк маалыматты +996 (707) 877 008, +996 (555) 733 444 аркылуу билсеңиз болот.

Электрондук дарек: ecodemi01@gmail.com

Дареги:  Бишкек ш. Фрунзе к. 429б

Социалдык тармактар:  https://www.facebook.com/PFecodemi/ , https://www.instagram.com/eco.demi/

Акциянын жыйынтыктары. Аймактарга бөлүп кароо

 

Аймак

Адамдын саны

Чогулган таштандынын көлөмү/тонна

 

Уюмдардын саны

1

Баткен облусу

38 870

540

529

2

Джалал-Абад облусу

59 800

430

1210

3

Ош ш.

28 200

300

920

4

Ош облусу

125 000

5 006

1 272

5

Талас облусу

 

13 100

363

363

6

Нарын облусу 

12 600

165

 

7

Бишкек ш.

48 114

384

483

8

 «Дордой» Ассоциациясы

5 000

 

 

9

Ысык-Көл облусу

10 546

240

300

10

Чүй облусу

47 046

560

350

 

Жалпы

 

 

388 276

7 988

5 427

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт