// //

Таанышуу үчүн 5 мыкты тиркеме

2019.06.25, 12:36
3038

Салам достор! Бүгүн Bilesinbi.kg силерге 5 популярдуу таанышуу тиркемелери жөнүндө айтып берет. Жакканын жүктөп алып дос же сүйгөнүңүздү тапсаңыз болот. Кеттик анда!

№ 1. Badoo

Дүйнөдөгү эң ири таанышуу тиркемеси. Катталып жатканда дароо максатыңызды жазасыз. Мисалы, достошуу, жөн гана сүйлөшүү, жолугууга баруу деген сыяктуу. Тиркеме сизге жакын жерде кимдер бар экенин көрсөтөт жана өзүңүзгө же сүйүктүү актеруңузга окшош адамдарды издесеңиз да болот.

№ 2. Tinder

Талаптарыңызга жооп берген бирөөнү табуу үчүн жөн гана колдонмону жүктөп жана Facebook аркылуу кирүүңүз зарыл. Андан кийин издөө баскычына - жынысы, жашы, жашаган аймагы кандай болуусу керек экенин жазасыз. Ылайыктуу адам табылган учурда Tinder сизге билдирүү жиберет.

№ 3. Chak Chak

Кыргызстандагы жаңы жана заманбап таанышуу сервиси. Тиркемени жүктөп, жакын жерде кимдер бар экенин карап, реалдуу адамдар менен таанышсаңыз болот. Chak Chak университеттеги досторуңузду табууга да жардам берет. Интерфейси оңой, заманбап тиркеме.

№ 4. LovePlanet

Колдонмого катталып жатканда кимди жана эмне үчүн издеп жатканыңызды жазсаңыз болот. Буларды эске алуу менен тиркеме сизге ылайыктуу адамды көрсөтөт.

№ 5. MyLove

Олуттуу мамиле түзгүсү келгендер үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү сервис. Анкетага кандай адамды издеп жатканыңызды толук жазасыз. Сүрөтүңүздү жүктөбөй, анонимдүү түрдө сүйлөшсөңүз болот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт