// //

Дүйнөдөгү 10 мыкты университет. ARWU рейтинги

2018.09.17, 10:55
8896

2018-жылга карата ЖОЖдордун Академиялык Рейтингинин (ARWU) берген маалыматына ыйлайык дүйнөдөгү мыкты жогорку окуу жайлар деп төмөнкүлөр табылды.

Таасирдүү окуу жайлардын рейтингин түзүүдө Цзяо Тун Шанхай университетинин эксперттери бул көрсөткүчтөрдү пайдаланышат: Нобел же Филдс сыйлыгына ээ болгон бүтүрүүчүлөрүнүн жана кызматкерлеринин саны, ар кандай предметтик аймактарда цитаталанган изилдөөчүлөрү, ошондой эле Science же Nature илимий журналдарда  басылып чыккан макалалардын саны.

10-орун | Чикаго университети (University of Chicago)

Бул жогорку окуу жай Нобел сыйлыгына ээ болгон лауреттарынын саны жагынан дүйнөдө 4-орунду ээлейт. Университеттин тарыхы боюнча жалпысынан бул сыйлык менен 89 кызматкери жана студенттери сыйланган.

9-орун | Калифорниянын технология институту (California Institute of Technology)

Инженерия жана так илимдер боюнча адистешкен дүйнөнүн эң маанилүү техникалык билим берүү мекемелеринин бири. NASA автоматтык космос аппараттырынын бир бөлүгүн ишке ашырган реактивдик кыймыл лабораториясы институтка таандык.   

Картинки по запросу California Institute of Technology

8-орун | Колумбия университети (Columbia University)

АКШдагы белгилүү жогорку окуу жайлардын бири. Бүтүрүүчүлөрдүн арасына төрт америкалык президент (анын ичинде Барак Обама да бар), 101 Плутцер премиясынын лауреаттары, 97 Нобел сыйлыгынын лауреаттары, 26 чет мамлекет жетекчилери, ошондой эле 25 "Оскар" сыйлыгынын ээлери кирет.

7-орун | Оксфорд университети (University of Oxford)

Улуу Британиянын биринчи жана дүйнө жүзүнүн англис тилиндеги байыркы университети. Бул окуу жайды 25 британдык өкмөт башчылары жана искусство тармагындагы мыкты илимий ишмерлер аяктаган.

Похожее изображение

6-орун | Принстон университети (Princeton University)

Принстон университети АКШдагы престиждүү окуу жайлардын бири. Архитектура жана инженердик илимдер тармагынын алдыңкылары.

Картинки по запросу Princeton University

5-орун | Берклдагы Калифорния университети (University of California, Berkeley)

Дүйнөдөгү 10 мыкты окуу жайлардын катарына кирген мыкты жана жалгыз мамлекеттик университет. Компьютердик илим жана IT-технологиялары боюнча адистерди окуткан өнүккөн борборлордун бири болуп саналат.

Похожее изображение

4-орун | Массачусетс технология институту (Massachusetts Institute of Technology)

Дүйнөдөгү барктуу техникалык билим берүү мекемелеринин бири. Институт жасалма интеллект жана робот тармагындагы биринчилерден болуп саналат.

Похожее изображение

3-орун | Кембридж университети (University of Cambridge)

Улуу Британиянын байыркы (Оксфорддон кийинки ) жана ири жогорку окуу жайынын бири.

Бул окуу жайдын белгилүү мугалимдеринин бири - физик-теоретик Стивен Хокинг.

Картинки по запросу University of Cambridge

2-орун | Стенфорд университети (Stanford University)

Бул жеке изилдөө университетинин бүтүрүүчүлөрү Google, HP, EA Games, Cisco, Yahoo, Sun Microsystems, NVIDIA жана башка көптөгөн компанияларды жана глобалдуу эл аралык бизнестерди негиздеген.  

Картинки по запросу Stanford University

1-орун | Гарвард университети (Harvard University)

Американын бул университети көп жылдан бери дүйнөдөгү мыкты жогорку окуу жайларынын тизмесинин сап башында. Бүтүрүүчүлөрүнүн арасындагы миллиардерлердин саны боюнча АКШда биринчи орунда турат.

Похожее изображение

Эсиңизде болсун, бул окуу жайлардын бирине тапшырууну чечсеңиз, англис тилиңизди жакшыртыңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт