// //

Апамды сүрөттөрдөн гана көрүп чоңойдум. Апасы мигрант кыздын окуясы

2019.06.15, 23:34
3846

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты  - мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.

Blesinbi.kg бала кезинде апасы башка өлкөгө иштегени кеткен Эльнуранын окуясын айтып берет.   

Атам бизди таштап кеткен

Мен үч жашымда Кыргызстандын түндүгүндөгү Чалдовар деген чакан айылда турчубуз. Бир күнү апам атамды башка аял менен жаткан жеринен кармап калат. Атам актанганга деле аракет кылбаптыр. Биздин ага кереги жок экенибизди айтып, ошол аялды ээрчип кетип калган экен. Мен аны күнөөлөбөйм. Апам экөө жаңы таанышканда өтө жаш болушчу.

Ошол кезде апамдын ички дүйнөсүндө бир нерсе сынгандай эле боло түшсө керек, деп ойлойм. Мен мындайларды түшүнчү деле эмесмин, бирок таенем апам ошондон тарта түнт болуп, экинчи эч кимге ачылып сүйлөп, ишенбей калган деп айтат. Бул мага да таасирин тийгизди.

Менин апам бакчамдагы майрамдарыма барган жок, жаңы жылга аяз атага эмнени каалап жатканымды жазган каттарымды окуган жок, мен ооруганда айланчыктап, түнү менен кирпик какпай, төшөгүмдүн башында отурган жок. Мен эс тарткандан эле ал акча табуу менен алек. Атам кеткенден кийин айылда кандай иш болбосун барын жасап жүрдү: элдин үйүлөрүн шыбап, огородундагы чөбүн отоп, дүкөндөрдүн полун жууп, бакчада түнкү кароолчу болуп да иштеди.

Апам алыска жана узакка кетти

2000-жылдары мигранттардын кезектеги толкуну Россияга агылганда, менин апам да кетип калды. Таенемдин айтымында таанышы, ошол жака барып иштесе көбүрөөк акча табасың, деп айткан экен.

Кеткенден кийин алгачкы 4 жыл бою жарым жылда бир нече жумага келип турар эле. Биринчи жолу мектепке барганымда, кийин жаңы жылда. Апамдын иштегени үчүн гана мени жакшы кийинтип, кооз оюнчук алып берүүгө шартыбыз болду, деп таенем көп айтат. Бул чынында ошондой, анын бардыгы менин балалыгымда жетиштүү болду. Бирок апасы жок өстүм, колунун жылуулугуна, жытына, мээримдүү сөзүнө зар болуп чоңойдум.

Эки жака көп чыкпаган айылдык балдар үчүн мектептеги иш чаралар чоң майрам эмеспи. Мен үчүн бул чоң сыноо болчу. Башка апалар балдарын күйпөлөктөп кийинтип, кыздарынын чачын жасап берип жатканда, мен алыскы бурчка отуруп алып колготкимди өзүм эптеп кийип отурган болом. Бул иделдуу картинада өзүмдү ашыкча буюмдай сезер элем. Ызаланып ыйлап башка жака качып кетким келет, бирок анте албайм.

Ар дайым жанымда жүргөн киши таенем болчу

Кичинекейиңде элдер ата-энең жөнүндө айтып берчи деп көп сурашат. Мен эмнемди айтып бермек элем? Бир да жолу келип, кантип жашап жатканымды кызыгып сурап койбогон, башка аялды ээрчип кеткен атамдыбы? Же эки жумада бир чалып 10 мүнөт сүйлөшкөн, өзүн сүрөттөрдөн гана көрүп жүргөн апамдыбы? Мен таенем жөнүндө эле айтып берчүмүн. Ар дайым менин жанымда жүргөн киши ошол болчу. Бирок, таене өз энең эмес да.

Андан бери көп жыл өттү, азыр апамды түшүнөм. Анын башка аргасы жок эле. Ал иштебесе, биз эптеп күн көрүп жашамакпыз. Ошондо мен бактылуу болмок белем, ким билет. Бирок, ар бир классташың билсе да сенин апаң кайда деп сураганы, ошондогу сезим өмүр бою менин жүрөгүмдө калат окшойт. Кичинекей кызды мындай суроолор канчалык эзип, кыйнап салаарын элестете албасаңар керек.

Алгачкы жылдары аябай куса болуп жүрдүм. Апам үйгө келгенде кирлерин таенеме бербей өзүм жууп берчүмүн. Жытын жыттап эстеп калгым келчү.

Москва мага такыр жаккан эмес

Үчүнчү класс болуп калганда, апам жайкы каникулга таенем экөөбүздү Москвага чакырды. Башка аялдар менен батирде турчу экен. Бир бөлмөдө сегиз киши жашашчу! Каникул учурунда үчөөсү Кыргызстанга кеткен экен, орун бошоп, биз алардын ордуна жаттык.

Москва мага такыр жаккан эмес. Метронун жытынан жүрөгүм айланып кыйналам, ансайын апам ачууланат.

Апам бизди аэропортко узатып жатканда бир дүкөнгө кирип калдык. Кассанын жанында майда-чүйдө сувенирлер толтура экен. Ичинде кичинекей Кремли бар айнек шар көзүмө жакшы көрүндү. Силксең майда кар бүртүктөр айланып Кремлге жаап жаткандай болот. Кызыгып калганымды көргөн апам ошол шарды сатып берди. Шар менин сүйүктүү оюнчугума айланды.

Сыйкырдуу шар

Үйгө кайтып келгенден кийин, шарды ар дайым жаныма алып жүрдүм. Мектепке барсам сумкама салып коем, уктасам жаныма коюп алып уктаар элем. Кичинекей Кремлдин ичинде кичинекей апам жашайт деп элестетип, анын жашоосуна кам көрүп жатканымдай сезилчү мага. Күндүз Кремлдеги кичинекей апам күн көрсүн деп терезеге коюп коем, кечкисин сүйлөшүп, балалык сырларым менен бөлүшөм.

Апамдын маанайын көтөргүм келгенде, Кремлге каар жаадырып коем. Апам Кремлдин мунарасынын бириндеги кичинекей терезеден карды карап мени эстеп жатат деп ойлочумун.

Бүтүрүү кечеси

11-классты бүтүрүп, апам “выпускнойго” келди. Өмүрүмдө биринчи жолу экөөбуз бирге жүрдүк. Бирге дүкөнгө барып кийим тандап, кечеге камданып жаттык. Апам мода жөнүндө, Москвада кыздар кантип кийинишет ошолор жөнүндө айтып берип жатты.

Кече боло турган күнү апам менин бөлмөмдө кийинип жатканымды карап отурду. Бир кезде күзгүнүн жанында турган айнек шарды байкап калып, кайдан пайда болуп калганын сурады. Эсинде жок экенине аябай таң калдым. Өмүр бою апам экөөбүздүн байланышыбыздын символу болуп келген шар... Мен үчүн ал өзгөчө, сыйкырлуу болчу... Бир заматта ал өзүнүн баалуулугун жоготту. “Э? Сага сатып бергеним такыр эсимде жок”, - деген сөзүнөн кийин менин балалыгым да бүтсө керек. Шар бул болгону түстүү желим, анын ичинде эч качан кичинекей апам жашаган эмес.

Мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келдим. Азыр психологдун окуусун окуп жатам. Башка группалаштарыман эч айырмам жок. Мурункудай түнт болбой калгам. Эч кандай моралдык кемчиликтерим жок. Бирок өзүм үчун бир жыйынтык чыгардым: биринчиден, мен менин үй-бүлөм ынтымактуу болуусу үчүн бардык аракетимди көрөм. Экинчиден, карьерамды жасамайын балалуу болбойм. Баламдын жанында жүрүп иштөөгө жана акча табууга шарт түзүүгө умтулам. Өмүр бою анын кыялында, же айнек шардын ичиндеги дүйнөдө жашагым келбейт.   

Маалымат Kaktus.media сайтынан алынды.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
17.06.2019, 17:59

психология кесибине тапшырып жакшы кылыпсын.. . Эми мигрант болбогонго аракет кылагой

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт