// //

"Алтыным десе, сенин түбүңө өзүм жеттим!"

2018.09.13, 12:14
9379

Шакубай атанын баяны (болгон окуя)

Тишим жок - мурдум кыйшык, көзүм тырык,
Картайгам курагыма жетпей туруп.
Туура эмес жакты карай кетип калып
Бузулгам турмушума кесир кылып.

Кой деген ата-энемдин тилин албай,
кыйгачтап түп-түз турган жолго салбай,
Аттиң деп бармак тиштеп эми өкүнөм, 
Баркымды бар кезинде кармап калбай.

Ээ жашоо! Убакыт зымырап учкан куштай десе такыр түшүнчү эмес экем. Эми болсо минтип артты канчалык кылчайып караган менен пайда жок. Кызык... Мурун карыбачудай калжаңдап жүрүп, жашоомдун көптөгөн барактары бош калды. Азыр мен киммин? Эч кимге баркым жок! Арым жок! Мага балдарымдан дагы, сенден дагы арак артык көрүнүптүр. Мени кечир, сага канча деген түйшүк жараттым, канча жолу алдадым, ичким келгенде каяктагы калптарды айтып, "ой жыргатам, кыйратам баарын" деп элирип, "бүгүн иштеп үйгө акча алып келем" деген шылтоо менен көчөгө качкандын айласын издечүмүн. Сен болсо жылмая мени карап, кийимдеримди үтүктөп, чекчейтип тыкан кийинтип жиберчүсүң. "Иштесең курсагың ачпасын"  деп чай берип тойгузуп кетирчүсүң.

Алтыным десе. Сенин түбүңө өзүм жеттим. Минтип 5 бала менен жесир калаарымды кайдан билдим. Мурунку адатымды таштадым, азыр сага айткандарымдын баарын  ишке ашырып, үйдү бүтүрдүм. Аттиң, сен барда эле жасасам болмок. Балдарың чоңоюп канат жазып, баардыгы уядан учту. Кенжемди дагы былтыр үйлөнттүм, аялы "шаарга жашайм" деген экен, ал дагы кетти. Куса болуп күндө жол карайм. Эч кимиси кабар бербейт, чалсам жооп жок, алса да бошобойт. Балким туурадыр, чын эле алар мени жек көргөндөй ата болдум.. Татыктуу ата эмесмин. Жалгыздык жаныма батты, билбейм эмне кылам. Билейин дегеним, өлсөм балдарым мени кечиреби?

Жашоомдун аягына келип да калдым, жакында жаныңа барам. Сен кабатыр болбо берекем! Сага канча деген ыза жаратсамда, кичине эле ооруп калсам чый-пыйың чыгып, жанымда айланчыктап, даарылап сарсанаа болчу элең. "Ой, жакшымын" десем болбой тамашалап "өлсөң кайсы жылкыны соём" дечүң. Ажыкыстанып "сенден биринчи мен өлөм" дээр элем. Ичиңде күйүтүң толуп турса да, шайыр элең. Менден биринчи кеттиң, айлам канча. Сүрөтүңдү төш чөнтөгүмө салып алгам, иштен чарчаганда карап коём. Көзүң тирүүсүндө баркыңа жетип, кадырлай албадым.

Менде баары жакшы, болгону Кенжем, Сапарым, Акимим, Гулям, Апарым "Балким жумуштан бошоп бир убакыт таап, кечки маал чыгып, бир күн жаныңда калып, анан кетебиз" дешкен, жокко. Канча күн өттү. Карай берип карегим тешилмей болду. Күндө ылдый жакты карайм. Көзүмдүн көрүүсү да начарлады. Аларбы, алар эмеспи айтоор көрбөйм. Анан кечке күтүп келбегенине көзүм жеткенде, үйгө кирип, чай коюп радио угам. Айтмакчы сенин идиштериңди жакшылап сактап жүрөм, текчеңди да агартып жышып турам.

Кенже жаңысын алып, буларды ыргыталы дегенинен төркү үйгө киргизип койгом. Сенин септериңди да ошол жерде тизилүү.

Кече бактарды кыйыштырдым, кышкыга отун даярдап, кам көрүп койдум. Бүгүн сыркоолоп, кичине чүчкүрүп калыптырмын. Кой дагы бир эшикке чыгып тигилерди карап коёюнчу, келип калдыбы балким.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт