// //

Көрөсүңөр, акыры туугандарымдан өч алам!

2018.09.12, 13:23
35188

Саламатсызбы! Мен 16 жаштамын, 3 бир тууганмын. Атамдын туугандары мени кемсинтет. Атамдын улуу эжеси күйөөгө тийген эмес, өзү чоң жерде иштейт. Улуу агасы мал чарбачылык менен алектенип, чоң атамдын үйүндө жашайт. Кичүү иниси болсо атамдын эжеси менен кошо Бишкекте жашайт. Атам болсо ортончусу, биз электр жарыгы жок кашарда турабыз. Алардын малдарын карайбыз, кээде атам жумалап ичип үйгө келбей коёт. Ошондо биз апама жардам берип, үйдөгү оокаттар менен алектенебиз. Сабакка деле көп барбайбыз, кээде чырактын майы жок калганда эрте эле жатып алабыз. Күндүзү болсо сабак окуганга убакыт жок.

Атам ичкиликке тоюп алганда кинг-конгдой кыйкырып, алыстан эле сөгүнүп-сагынып, баарыбызды каргап үйгө келет. Келип алып тынчтык бербей апамды сабап, бизди балталап салам деп коркутат. Кыскасы баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алып бүттү. Эртеси эскертсек, жип алып “өлөм” дейт. Үйүбүздө тынчтык жок.

Азыр мен Бишкектемин, колледжде окуйм. Атамдын улуу эжеси, иниси жана жеңем менен жашайм. Алар мени шылдыңдап, кордоп, айтпаган сөздөр менен тилдешет. Үйдөгү оокаттын баарын мен кылам.

Жакында эле атамдын улуу агасынын кызы анан эки баласы келген. Алар мени бөлүп “алкаш – алкаш” деп теңине алышпайт. Үйдөн эмне жоголбосун же эмне бүлүнбөсүн менден көрүшөт. Эшикке дос кыздарым менен сырдашканы беш мүнөткө чыгып койсом, “тентимиш, эмитен ушинтип жер таптайсың, кийин денеңди сатасыңбы” деп урушат.

Бир жолу үйгө апам келген. Шерине өткөрүп жатканбыз. Баары чогулуп алып апамдын ар бир сүйлөгөн сөзүнө күлүп, басынтып каткырышты. Атамдын эжеси апамды “сен дагы кишисиңби, ой койчу ай” деп теңине албайт. Апама  “кетип калалычы, чыдабай кеттим” десем, “кой кызым, жаман болсо дагы туугандарың, ит болсо да атаң” деп тыйып коёт.

Атам болсо биз менен иши жок. Кетип калгым келет, апамды, эки инимди кыя албайм. Эмне кылсам, мага кеңеш бериниздерчи. Буйурса чоңойсом, акыры өч алам. Апам канча тыйбасын мен бул нерселерди жөн калтырбайм. Кээде чогулуп алып сабашат. Бул түйшүктү мен төрөлгөндөн бери көрүп келе жатам.

Ширин Амантурова, психолог

- Урматтуу окурман, үй-бүлөдө болуп жаткан баардык көйгөйлөр, мамилелер балдарга сөзсүз таасирин тийгизет. Сиз призма сыяктуу баардыгын өзүңүздөн өткөрүп жатасыз. Мен сизди түшүнүп турам.

Атаңыздын ичкени, туугандардын апаңызды кордошу, кол көтөрүшү, ата-энеңиздин сиздерди коргой албай тескерисинче өздөрүнүн кор болуп жатканы психикаңызды жабыркатты. Бул негативдик эмоцияларды өч алуу менен жеңгиңиз келип жатат.

Билесизби, туугандарыңыздын психологиялык басым кылганга, кордук көрсөткөнгө эч кандай акысы жок. Апаңыз тагдырына баш ийип берген, ошол себептен сиздин сунушту кабыл албайт.
Кымбаттуум, башыңызды бийик көтөрүңүз. Билим алып, келечекте ийгиликтүү болсоңуз, ошол сиздин өч алганыңыз болот.

Эсиңизде болсун, атаңыздын аракеч, апаңыздын алсыз болуп калганына сиз күнөөлүү эмессиз! 

Тамара Воронцова, психолог

- Кымбаттуум, сен болгону 16 жашта экенсиң. Сиз өз жолуңузду өзүңүз тандап, кыялыңызга умтулушуңуз керек. 

Туугандар кааласа кыйын учурда жардам берет, ал эми жылдап алардыкында жашап алуу уят. Ошондуктан, сиздерди сыйлабай жатат. Башкалардын эсебинен жеке көйгөйлөрдү чечүүгө болбойт. 

Үй-бүлөнү камсыздап жана акча табуу - эркектин милдети. Ата-энеңиз баланы жарык дүйнөгө алып келгенден кийин, ар бирөө үчүн жоопкерчиликти алышкан.

Албетте, бардык  жагдай тууралуу маалымат берген жоксуз, бирок мүмкүн болушунча сиз билим алып, ата-энеңизге жардам берип, бактылуу болушуңуз керек! Кемсинтилип жашап жана жашагыңыз дагы келбей жатса - буга  ата-энеңиз күнөөлүү!

Кечиресиз алтыным, катуу айтып жатам, бирок мен сизге боорум ооруп жатат. Таянар эч кими жок болгондуктан, кедей үй-бүлөлөрдүн балдары көп нерсеге жетише алышат! Сиздикиндей эле үй-бүлөдө өскөн, биздин өлкөдөгү атактуу адамдарды көп билем. Көшөрүп кыялыңызга карай багыт алыңыз! Эгер кетүүгө мүмкүн эмес болсо, анда  булар убактылуу нерсе экенин, бир күнү бүтөөрүн билиңиз. Чыдамдуу болуңуз жана  пландарды түзүңүз! Баардыгы жакшы болот! Мен сизге ишенем!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
12.09.2018, 18:32

Сон кыз сабырдуу бологой.  Менин келечегин кен,  баарын баштын аманчылыгы женет,  как сактаба, кечиримдуу бол. Апанды,  бит туугандарынды  ойло,  аларды ая.

0
Пайдалуу жооп
A
Aigul Zhusupova
12.09.2018, 18:33

Чон кыз деп туура окуп койгула

0
Пайдалуу жооп
A
Aigul Zhusupova
12.09.2018, 18:35

Сенин келечегин

0
Пайдалуу жооп
28.05.2019, 20:59

Сабр сабр сабр баарын женет 

0
Пайдалуу жооп
Э
Эльмира
28.05.2019, 21:26

Ак ийилет, бирок сынбайт, сабырдуу бол, билимдуу минди женет, Бир убакта алар сага жалдырап келишет

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
28.05.2019, 22:39

Чон кыз абалын ото оор экен.Жакшылап ойлонуп, ал уйдон кеткенин туура.колледжде окусан сентябрь айынан баштап жатаканага чыгып жашасан болмок.Анткени басынуу психиканды бузат.Алардан оч алам деп жаман жолго барбоо керексин.Анткени алар кудай алдында жооп беришет.Жаман адамдардын арасында жакшы бойдон калуу керек.Келечегин алдыда.Кун жаркырап тийерин эч унутпа!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
29.05.2019, 08:25

Оокууну таштабаныз келечекте мыкты инсандардан болушунузду тилейм. Бутум туруш керек.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
25.11.2019, 00:22

Карындашым эн негизгиси билим билим менен баарын женесин.

0
Пайдалуу жооп
15.02.2020, 21:00

Кызым сенин тагдырына окшош тагдырлар коп. Сен сабырдуулук, акылдуулук менен женесин. Жаиан ойдон алыс бол. Жакшы окуу ийгилигим алдыда деп максатынды бий кой. Сен ошндо баарын женесин. Бактылуу болосун. Болуп жаткан учурдагы кыйынчылыгын убактылуу эле. Баары артта калат. Эстуу кыз экенсин алтыным жакшы сапаттарын менен  женесин. Сага кийн убакыт келет баары сенден кечирим сурап сага суктанып калышат.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
15.02.2020, 21:48

Алтыным мен сени аябай жакшы түшүнүп турам. Биз да бир туугандарыбыз менен ошондой акыбалда жашап, бирдиктүү баарын жеңип келе жатабыз! Анткени ата энебизден эрте айрылдык! Сага кеңеш эч кандай тууган мн катышпай келечегиңди түз! Максатыңа жет! Бир туугандарынды да унутпа. Бирдиктүү болгула! Ошондо баарын женесинер! Качан силер чоңоюп колуңардан бир нерсе келип калганда ошо шылдыңдап күлгөн туугандар өздөрү келет! Ошодо сен баарын женесин! Азыр ал туугандарындын үйүнөн кетип жатаканага эле чыгып ал. Түшкө чейин окуп түштөн кийин иштегендей кыл.! Эгер туура эмес айтсам кечир ?. Ийгилик сага!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт