// //

Азамат Мырзабеков: “Баланын ден-соолугу ата-энеден көз каранды!”

2018.09.12, 12:32
7577

Баласы ооруп калган ата-энелер эки типке бөлүнөт. Бирөөсү дароо бейтапканага чуркаса, экинчиси өзү дарылайт. Ата-энелерден келген суроолорго И.Ахунбаев атындагы КММАнын медицина борборунун дарыгер - педиатры Азамат Мырзабеков жооп берди.

- 2,5 айлык баламдын моюну кызарып, бышып кетти. Укканымдын баарын жасап көрдүм. Синафлан сүйкөдүм, “присыпка” себеледим. Жардам бербей жатат. Кантип айыктырсам болот?

- Урматтуу айым, моюндун кызарган себептери көп. Анткени кичинекей балдардын организми өзгөчө. Адамда май чыгаргыч жана тер бездери бар. Бул бездер жаңы төрөлгөн ымыркайларда толук ачылып иштей элек болгондуктан, алар чоңдордой болуп тердей албайт. Ошондой эле, гигиенаны сактабагандан, аллергия жана инфекциядан болушу мүмкүн. Өз алдынча аракеттерди жасабаңыз. Убакытты текке кетирбей адиске кайрылыңыз.

 - Саламатсыздарбы! Менин 1 жаш 3 айлык кызым бар. Ыйласа көгөрүп калчу адат таап алды. Эмне кылайын жана эмне себептен пайда болот?

- Урматтуу айым, себептери көп. Биринчиден жүрөк оорудан болушу мүмкүн. Экинчиден неврологиялык, үчүнчүдөн жаш балдардын организми толук жетиле элек болгондуктан дем ала албай калат. Сиз балаңыздын жүрөгүн текшертиңиз, андан кийин неврологго алып барыңыз. Баары жакшы болсо өзү эле өтүп кетет.

- Кайын энем кичинекей балама кара ундан быламык бышырып бере берет. Ашказанына зыян эмеспи?

- Бул эми илгертеден келе жаткан салт. Бүгүнкү күндө медициналык көз караш менен алып карасак, ымыркайларга уйдун сүтүн бергенге болбойт.  Анын курамында баланын ден-соолугуна кооптуу болгон спецификалык белоктор бар.

- Саламатсызбы. Балам 2 жашта. Түнү менен уктабай чыгат. Уйкусун оңдоюн деп күндүз уктатпай, алаксытам. Анан кечки саат 22:00до уктап, кайра эле түнү 4-5те туруп алат. Уйкуга тойбой көздөрүмүн асты көгөрүп кетет. Балама 7 күн ташбаканын жумурткасын бердим. 1 айдан бери глицерин ичирем. Уйкусу оңолот дешкен, болбоду. Кандай кеңеш бересиз?

- Нормада кичинекей бала чоң адамга караганда көп укташы керек. Уктабай жатса неврологиялык жактан көйгөйлөр бар. Мүмкүн төрөлүп жатканда мээсине кислород жетпей калган. Неврологго алып барып, мээсинин кандай иштеп жатканын билүү үчүн электроэнцефалограммага (ЭЭГ) тартуу керек. Глицерин жардам бербейт. Ташбаканын жумурткасы тууралуу айта албайм.

- Менин балам 2,5 жашта. Мурда такыр аллергиясы жок болчу. Жакында эле оозунун айланасына майда кызылдар чыга баштады. Бул эмнеден болушу мүмкүн? 

- Урматтуу айым, аллергиянын бир канча түрү бар. Эмнеден болуп жатканын табуу керек. Мүмкүн жеп жаткан азыктары жакпайт же чаңдан, жаныбарлардан болот. Жакшысы балаңызды аллергологго алып барыңыз. Анализдерди тапшыруу менен себеби аныкталат.

- Кошунамдын 11 айлык кызы өз алдынча басып, сүйлөп калган. Балам 10 айлык, сүйлөбөйт, өз алдынча аз аракеттенет. Бул нормалдуубу?

- Кабатырланбай эле коюңуз, эркек бала кыздарга карганда кечирээк жетилет. Алдыга шашпаңыз. 10 айда эч нерсе билинбейт.

- Баламдын мурдунан суу агып калыптыр. Антибиотик берип койсом болобу?

- Мурдунан суу агып калса вирустан болушу мүмкүн. Мындай учурда антибиотиктин пайдасы жок. Экинчиден аллергиядан болот. Балаңызды бейтапканага алып барыңыз. Дарыгер текшергенден кийин гана себеби билинет.

Урматтуу окурман, эгерде сурооңузга жооп таппай жүрсөңүз  www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңузду узатсаңыз болот. “Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду алып берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт