// //

Көп тил билүү - бир кулпу үчүн бир нече ачкычка ээ болуу

2018.01.29, 16:56
4196

 (сүрөт интернеттен алынган )

Адам үчүн жаңы нерсени үйрөнүүгө болгон мүмкүнчүлүккө чек жок, андыктан чет тилин үйрөнүүгө үлгүр. Албетте бир жумада же бир айда бөтөн тилди толугу менен өздөштүрө албайсың. Бирок, бөлөк тилге болгон жөндөмдү жакшыртууга, жазууга жана окууга сөзcүз түрдө шарт түзулөт. Ошондуктан өзүңдү колго алып, алдыга чет тилин үйрөнөм деген максат койсоң болот. Чындыгында чет тилин үйрөнүү анчалык татаал процесс эмес. Аракетчил адам үчүн эркин окууга жана кичине сүйлөп калууга 2 же 3 ай талап кылынат. Ал эми биз сага жардам ирээтинде бир нече кеңештерди сунуш кылабыз.

Чет тилин үйрөөнүү үчүн кеңештер:

  • Биринчиден алфавитти үйрөнүү. Эгер англис ( немец ) тилин билгиң келсе , мектептен бул тилди окугансың, анда сен тамгаларды билесиң жана окуй аласың. Сенде биринчи көйгөй чечилди деп билсең болот.
  • Чет тилиндеги китептерди окуу. Азыркы учурда интернет желесинде көптөгөн башка тилдеги китептер бар. Мисалы бир жагында анлисче, экинчи жагында орусча которулушу менен.
  • Сен үйрөнүүнү каалаган тилдеги музыканы ук. Жөн эле укпастан ырдын тексттин которулушу менен таап ал. Ырды угуу маалында бир топ сөздөр эсиңде калат.
  • Сүйүктүү чет элдик киноңду көргүң келеби? Абдан жакшы! Анда ошол кинону өзүнүн тили (англисче, немецче, кытайча ) менен орусча жазуу түрүндөгү коштомосу ( субтитры ) менен көр. Бул сендеги чет тилин угуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
  • Интернетте бир канча видео, аудио сабактар бар, булардын жардамы менен дагы сага жаккан тилди үйрөнсө болот.
  • Грамматиканы үйрөнүүдө транскрипциясын дагы жакшы өздөштүрүүнү унутпа. Ансыз сен сөздүн туура айтылышын билбей каласың.
  • Кимдир бирөө менен сүйлөшүүдө чет тилинде ойлонууга аракет кылуу керек. Бул абдан пайдалуу көнүгүүлөрдүн бири.
  • Өзүңө интернеттен чет элдик дос тап, аны менен баарылашуу сага пайдасын гана алып келет. Албетте билбеген, түшүнбөгөн сөздөрдү таштап салбай сөздүктүн жардамы менен которуп алуу керек, анткени ал сөз сенин эсиңде калат.
  • Чет тилин адбан жакшы билүү үчүн, ал тилдин акценти менен cүйлөөнү үйрөнүү абзел. Анткени сен ошол өлкөгө барып калсаң пайдасы жогору болот.
  • Ар кандай чет элдик баарлашуу бөлүмдөрдү, социалдык сайттарды колдон. Бул жерден сен билүүнү каалаган тилдеги баарлашуу сага пайда алып келет.
  • Өзүңө жаккан ар кандай учкул сөздөрдү, макал-лакаптарды жаттап ал, дептерге жазып чогултсаң да болот.

Баардык эле чет тилин үйрөнүүдө аракет жана эмгек керек. Анан албетте туруктуулук дагы талап кылынат, бир тилди үйрөнбөй жатып экинчисине аттап кетүү да болбойт.

Булар чындыгында жардам берүүчү ыкмалар. Ишенбейсиңби? Анда аткарып көр!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт