// //

Сүйүүдөгү 4 негизги эреже. Алар эч качан өзгөрбөйт

2019.05.25, 22:43
4021

Тиги же бул кырдаалда өзүн кантип алып жүрүү керек деген шпаргалка боло турган болсо жашоо кыйла жеңилирээк болмок. Bilesinbi.kg махабатка тиешелүү 4 эреже жөнүндө айтып берет.

Адамды күчкө салып сүйдүрүү мүмкүн эмес

Адам аны жакшы көргөндөрдүн бардыгын сүйүүгө милдеттүү эмес. Өзүңүз деле ойлонуп көрсөңүз, сизди аябай жакшы көргөн адамды канча аракет кылсаңыз деле сүйбөйсүз. Балким сыйлайсыз, анын жылуу мамилесине ыразычылык билдиресиз, бирок бул сүйүү эмес. Ошондой болгон күндө да башкалардын сезимдерине сый мамиле кылыңыз.

Сизди бирөө жарым сүйүп калса, сиз аны сөзсүз сезесиз

Ар бир адам ага карата жасалган жакшы мамиле кандай боло турганын элестете алат. Мисалы сизди башкалардан бөлүп, өзгөчө мамиле жасайт. Сиз менен бирге көбүрөөк убакыт өткөргүсү келип, сезимдериңизди жана пикириңизди билгиси келет. Каалоо-тилектериңизди орундатууга умтулат.  

Ал эми түрдүү шылтоолорду айтып, сиз менен жолугушуудан качса, мындай адам менен мамилени улантуу керекпи же жокпу, деген суроо коюп, жакшылап ойлонуп көрүңүз. Сезими муздап бараткан түйгөүңүздү актап, өзүңүздү алдабаңыз жана кыйнабаңыз.

Башка бирөөнү сүйүү үчүн алгач өзүңдү жакшы көргөндү үйрөн

Өзүңдү жакшы көрүү – бул эгоизм эмес. Бул өзүңдүн калоолоруңа жана сезимдериңе болгон сый-урмат, кам көрүү. Мунун эч кандай жаман жери жок. Өзүн сыйлаган жана жакшы көргөн киши, аны сүйбөгөн, кайдыгер мамиле жасаган жана аны менен колдонгон адам менен мамиле курбайт.

Өзүңүздү жакшы көрөсүзбү, демек башкаларга да ошондой мамиле кылыңыз. Эч убакта түгөйүңүздү ал каалабаган нерсени жасатып, кыйноого салбаңыз.

Сүйүүсү өчкөн адамды кармап калууга аракет кылбаңыз

Бул катаны көпчүлүк кетирет. Ооба абдан катуу тиет, бирок бир да адам сизди өмүр бою сүйүүгө милдеттүү эмес. Сиз ага үч бала төрөп беридиңизби, же хан сарай салып, эч нерседен кем кылбай бактыңызбы, айрымасы жок.

Махабаттын оту өчтүбү? Күчкө салып, бардыгын кайтарууга шашылбаңыз. Эскиге чекит коюп, жаңы окуяларга, сезимдерге жол бошотуңуз. Сизге кайдыгер карап калган адамдын жанында жүрүп өзүңүздү таңуулагандын канчалык зарылчылыгы бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
26.05.2019, 03:44

Акыркы пункт ачуу чындык, бирок ото оор. Азыр менин башымдан дал ушул отуп жатат. Убакыт дарылайт дейт. Бирок ушунчалык ачуу, уудай. Бек байкенин ырында "чыдагыс арман"— дегендей, чыдаткыс ! Убакыт батыраак отуп, дартым айыкса деймин.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
28.09.2019, 00:24

Кармоо мумкун эмес.. Бирок журок менен сезим унутпаса жаман экен. Кучум келеби ? ? ? унутуп калууга билбейм?? Неге биз азаптанабыз.. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт