// //

Руслан Акматбек: "Милициянын бизнести текшергенге укугу жок!"

2018.09.04, 12:19
2720

Бизнести жаратып, өстүрүп, бутуна тургузуп коюу жетиштүү эмес. Башка ресурстардай эле бизнес дагы коргоого муктаж. Өз укугун билген ишкерлер мындан жакшы кабардар, билбегендер бизнесинен кол жуушат.

Бизнес жаатында бир топ ийгиликтерге жетишип, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келе жаткан Руслан Акматбек окурмандарыбыздын бизнестеги коопсуздук маселеси тууралуу суроолоруна жооп берди. Назарыңыздарга өткөрүлгөн маектин урунтуу учурларын тартууладык. Толук версиясын төмөнкү видеоматериалдан көрүңүз.

Бизнестеги коопсуздук – ички жана тышкы тобокелчиктерди азайтуу.

Бизнести кантип коргосо болот?

- Бизнести түптөгөндөн кийинки эң маанилүү маселе – аны коргоо. Алдын ала тобокелчиликтерди, күтүүсүздүктөрдү аныктап, ошолордун үстүндө иштөө керек. Ошондой эле, экономикалык абалга, мамлекет саясатына, атандаштарыңдын жүргүзгөн иш-аракетине жараша жагдайлар пайда болуп калышы мүмкүн. Буга да даяр болуу зарыл.

Бизнести баштап жаткандан кийин жасаган ишиңидин ийне-жибине чейин бил. Иш алып барып жаткан базардын эрежелерин, мамлекет, өнөктөш жана кардар менен мамилени так аныктап ал. 

Бизнес өзүн качан коопсуз сезет?

- Бизнес өзүн коопсуз сезиши үчүн эң оболу легалдуу иштеп, мамлекет менен диалогу болуп, тийиштүү салыктарды төлөшү керек. Ишкерлер өз укугун билип, ачык-айкын иштөөнү өзүнө бир эреже кылып алса жакшы болот.

Бизнесте эч качан кепилдик болбойт.

Текшерүү учурунда бизнесмен өзүн кантип алып жүрүшү керек?

- Текшерүү келгенде эч качан дүрбөлөңгө түшпөңүз. Алгач текшерүүгө уруксат кагазы барбы, сураңыз. Текшерүүчү органдар өз укугун билбеген ишкерлерден пайда көрүшөт. Андыктан укугуңузду билиңиз. Акча бербеңиз, конструктивдүү диалог жүргүзүңүз. Легалдуу иштеп жатканыңызга карабай өз билемдик кылып укугуңузду тебелей турган болсо, ишкерлерди коргогон уюмдарга, ассоциацияларга, юристке кайрылыңыз.  

Бизнести кимдер текшерүүгө укуктуу?

- Бизде көп кетирилген жаңылыштык –  укук коргоо органдарынын бизнеске кийлигишүүсү. Өзгөчө аймактарда, милиция көчөдө кетип бара жатып эле кирип, текшерип кетет. Бизнести текшерген 11ге жакын орган бар. Аларды билбей жатсаңыз Экономика министрлигине байланышсаңыз, айтып беришет.

Текшерүү уруксат кагазы менен гана жүргүзүлөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт