// //

Мен сени сүйөм, бирок сени менден да катураак сүйгөн дагы бир аял бар

2019.05.18, 17:15
22704

Түтүн булатып жашап келгенибизге 12 жыл болуптур. Келинчегим: менден башка дагы бир аялды киного алып барып келбейсиңби, - деп сунуштап калды.

- Мен сени жакшы көрөм, бирок сени менден да катураак жакшы көргөн дагы бир аял бар. Ал да сенин көңүл бөлүүңө муктаж, - деди келинчегим.

Келинчегим сөз кылып жаткан башка аял, менин апам эле. Апамдын жесир калганына 19 жыл өттү.

Тилекке каршы жумуш үй-бүлө, бала-чака деп жүрүп апама ойдогудай көңүл бөлө алган жокмун. Телефон чалып апамды киного чакырдым.

- Эмне болду? Тынч элесиңби? – деди апам дароо.

- Сиз менен бирге убакыт өткөргүм келди, – деп жооп бердим.

Бир азга унчукпай туруп калды да, анан: “Макул, мен сени аябай сагындым”.

Жума күнү жумуштан кийин чыгып апама жөнөдүм. Эмнегедир толкунданып жаттым. Машинемди үйдүн жанына токтотуп жатып, апамдын сыртта күтүп турганын көрдүм. Байкашымча апам да толкунданып жаткан экен.

Пальтосун ийиндерине таштап коюп эшиктин жанында күтүп туруптур. Чачын тармалдантып, жарашыктуу кийинип алган.

Экөөбүз ресторанга бардык. Укмуш кымбат болбосо да ичи жагымдуу жана жайлуу экен. Апам мени колтуктап алып, башын өйдө көтөрүп сыймыктанып басып баратты.

Столго отурдук. Апам менюну окуй албай койду. Көзүм жетпей атат, - деди. Окуп ортосуна жетип калганда апамды карасам, мени тиктеп, сырдуу жылмайып отуруптур.

- Илгери, сен кичинекей чакта, менюну сага мен окуп берчү элем, - деди.

- Эми менин кезегим келди, - деп жооп бердим.

Тамактанып бүткөндөн кийин бир топко чейин сүйлөшүп отурдук. Акыркы жаңылыктарыбыз менен бөлүшүп кобурашып отура берип, бара турган кинобузга да кечигип калдык.
Кинодон кийин үйгө жеткирип келсем: “Экөөбүз дагы бир жолу ресторанга барып келели. Бирок кийинкисинде мен чакырам”.

Мен макул болдум.

Үйгө келсем, келинчегим:

- Кандай барып келдиңер? – деп сурады.

- Аябай жакшы. Мынчалык жакшы болот деп элестеткен эмесмин, - деп жооп бердим.

Бир нече күндөн кийин апам инфаркт болуп көз жумду. Бүт бардыгы күтүүсүз, ушунча тез өттү, апамды аман алып калууга эч мүмкүнчүлүгүм болгон жок.   

Дагы бир нече күндөн кийин почта аркылуу апаман чакыруу келиптир. Апам экөөбүз бара турган ресторанга эки кишилик чакыруу алып, сүйлөшүп койгон экен. Тыйыны төлөнгөн. “Экөөбүздүн кийинки жолугушуубузду сүйлөшүп койдум. Бирок мен бара албайт окшойм. Сен келинчегиң менен барып кел. Сен мени свиданиеге чакырганың мен үчүн канчалык маанилүү болгонун эч качан түшүндүрүп бере албасам керек. Мен сени жакшы көрөм, уулум”.


Ата-энеңерге күйүмдүү болгула! Биз үчүн чын дилинен кубанып, кайгырсак кайгыбызды тең бөлүшкөн жалгыз адамдар ушулар.

Окуя интернеттен алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
26.09.2019, 14:30

Таасирдууу

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
26.09.2019, 14:30

Таасирдууу

0
Пайдалуу жооп
А
Айдарбек Кайкиев
07.10.2019, 13:44

Журок эзилет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт